акыркы жаңылыктар

Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аял: Кыргызстан дүйнөдө лидер

Бийлик

Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аял: Кыргызстан дүйнөдө лидер

Жогорку Кеңеште аял депутаттардын саны 31ге жетип, бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун Парламенттер аралык бирлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан парламенттеги аялдардын үлүшү боюнча дүйнөлүк лидер деп табылган. Төрага белгилегендей, парламентте аялдардын өкүлчүлүгүн арттырууга өзгөчө көңүл бурулуп

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

Экономика

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1,1 млрд АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,0%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына шилтеме берүү менен билдирди. Ошол эле учурда экспорт 20,3%га кыскарып, импорт 6,1%га көбөйдү. Жалпы

Токтогул жол тейлөө ишканасында мыйзам бузуу аныкталды

Коом

Токтогул жол тейлөө ишканасында мыйзам бузуу аныкталды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгы Токтогул жол тейлөө ишканасында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Анын жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, мекемеге доо коюлду. Маалыматка ылайык, ишкананын асфальт-бетон заводу 20 диаметрдеги суу түтүгү аркылуу жер үстүндөгү

Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот

Коом

Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот

Бишкек шаарынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде жаңы "Муниципалдык менчик ижарасы" функциясы ишке киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Жаңы функция ижарачылар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылып, мекемелерге баруу жана кагаз документтерди толтуруу зарылдыгын жоёт. Бул өз кезегинде убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк

Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Экономика

Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда социалдык-экономикалык өнүгүү туруктуу өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына таюнуу менен билдирди. Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүү тармагы ИДПнын түзүмүндө дээрлик 50% үлүштү ээлеп, экономиканын негизги кыймылдаткычы бойдон калууда. Бул тармак экономикалык өсүшкө 4,82%дык

2025-жылдын IV чейрегинде төлөм системаларында 95 мүчүлүштүк катталган

Банктар

2025-жылдын IV чейрегинде төлөм системаларында 95 мүчүлүштүк катталган

Кыргызстанда 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде төлөм системаларынын ишинде 95 штаттан тышкаркы жагдай катталган. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын талдоосунда айтылат. Маалыматка ылайык, мындай үзгүлтүккө учуроонун негизги себептери ар түрдүү болгон. Анын ичинен кызмат көрсөтүүчүлөргө байланышкан көйгөйлөр 42,11%ды түзсө, электр энергиясынын өчүшү 35,79% түзгөн. Аппараттык-программалык жабдуулардагы мүчүлүштүктөр 16,84%

Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суралууда

Коом

Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суралууда

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кылмыш иштери боюнча күбө катары сурак берип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине таянып, “Кабар” агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин УКМКнын айрым мурдагы кызматкерлерине карата кылмыш иштери козголуп, алар камакка алынган. Эске салсак, Камчыбек Ташиев 10-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан

Манас шаарындагы 6,8 млрд сомго курулуп жаткан филармония убактылуу токтотулду

Экономика

Манас шаарындагы 6,8 млрд сомго курулуп жаткан филармония убактылуу токтотулду

Манас шаарында 6,8 млрд сомго салынып жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотулганын курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кечээ Жалал-Абад облусундагы иш сапары учурунда, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушканда билдирди. "Объекттин долбоору кайрадан каралып чыгып, кийинки этапта анын көлөмүн оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгү каралат”- деди

Интернет кымбаттайбы? Бишкекте тарифти 50% көтөрүү сунушталды

Интернет кымбаттайбы? Бишкекте тарифти 50% көтөрүү сунушталды

Кечээ Бишкек шаарында байланыш операторлору жана шаардык кызматтардын катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жыйында "Бишкекжарык" жана "Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканаларынын була-оптикалык линияларды жайгаштыруу үчүн таянычтарды ижарага берүү тарифтерин 50% жогорулатуу планы каралды. Байланыш операторлор ассоциациясы тарифти жогорулатуу боюнча эсептөө

Таласта 16,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Коом

Таласта 16,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жер жана мүлк мыйзамдарынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1996-жылы Талас райондук ветеринардык башкармалыгына таандык болгон 0,34 гектар жер тилкеси жана кампа курулмалары мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен. Прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 16 млн 948 миң 600

Мыйзамсыз бензин саткан жайлар күн сайын текшерилет

Бийлик

Мыйзамсыз бензин саткан жайлар күн сайын текшерилет

Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынын мыйзамсыз соодага каршы күрөшүү бөлүмүнүн инспекторлору күн сайын күйүүчү-майлоочу материалдарды, анын ичинде бензинди мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча рейддерди өткөрүп жатышканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тартип бузгандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 286-беренесине ылайык протоколдор түзүлөт. Муниципалитетте белгилешкендей, бул багыттагы иштер туруктуу

Кыргызстандан Кытайга 25 тонна жүгөрү экспорттолду

Экономика

Кыргызстандан Кытайга 25 тонна жүгөрү экспорттолду

Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына жүгөрү экспорттоо башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти маалымдады. 2026-жылдын 16-мартында жүгөрүнүн алгачкы партиясы экспортко жөнөтүлдү. Анын көлөмү 25 тоннаны түздү. Экспорттоочу — "Зиябидин Ата" дыйкан чарбасы. Жүгөрү экспортунун башталышы 2022-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кол коюлган фитосанитардык