акыркы жаңылыктар

КР БШК төрт жаңы депутатты Жогорку Кеңешке каттады

Бийлик

КР БШК төрт жаңы депутатты Жогорку Кеңешке каттады

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү отурумунда Ормонов Улугбекти №10 шайлоо округу, Калбердиева Мавлюданы №11 шайлоо округу, Чойбеков Бактыбекти №17 шайлоо округу жана Мурзакимова Алтынкулдү №29 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары катары каттоого алды. Боршайкомдун маалыматына ылайык, тийиштүү токтомдун негизинде аларга депутаттык мандаттар берилди, расмий ырастама жана төш белгилер тапшырылды.

Соң-Көлгө 4,2 млн чабак коё берилди

Коом

Соң-Көлгө 4,2 млн чабак коё берилди

Кечээ “Соң-Көл балык чарба” мамлекеттик ишканасы тарабынан Соң-Көл көлүнө май-канат (сиг-лудога) балыгынын орточо салмагы 0,30 грамм болгон 4 миллион 200 миң даана чабак коё берилди.Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине

Ош шаарында 1,3 млн сом алимент өндүрүлүп, Баткенде дагы бир карызкор 2 жылга камалды

Коом

Ош шаарында 1,3 млн сом алимент өндүрүлүп, Баткенде дагы бир карызкор 2 жылга камалды

Ош шаарында 1 304 267 сом өлчөмүндө алимент карызы өндүрүлүп алынганын жана Баткен облусунда алимент төлөөдөн качкан карызкорго 2 жылга эркинен ажыратуу жаза чегерилгенин Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Аталган кызматтын Ош шаардык бөлүмүндө Ж.А.А. аттуу карызкердин 2013-жылдын 15-мартынан 2026-жылдын 1-апрелине чейинки алимент боюнча карызы М.Д.З.нын

Такси кызматына чет элдик айдоочуларды ишке алууда, алардын тил билүүсү талап кылынууда

Коом

Такси кызматына чет элдик айдоочуларды ишке алууда, алардын тил билүүсү талап кылынууда

Депутат Медина Кайрылбекова Жогорку Кеңештин отурумунда такси кызматтарына чет элдик айдоочуларды ишке алуу үчүн милдеттүү түрдө орус же кыргыз тилин билүү талабын киргизүүнү сунуштады. Эл өкүлүнун айтымында, бул маселе Пакистан же Индиядан келген айдоочуларга тиешелүү. Себеби, тилдик тоскоолдуктан улам жергиликтүү тургундар айдоочулар менен баарлаша албай, кыйынчылыктарга дуушар болуп, көп учурда

Келерки окуу жылына Президенттик "Акылман" лицейине кабыл алуу башталды

Коом

Келерки окуу жылына Президенттик "Акылман" лицейине кабыл алуу башталды

2026–2027 окуу жылына Президенттик "Акылман" лицейине кабыл алуу башталганын лицейдин директору Эмил Рыскулов билдирди. Анын айтымында, конкурс Кыргызстандын мектептеринин 6- жана 7-класстын окуучуларынын арасында өткөрүлөт. "Президенттик лицей 2023-жылдын август айынан бери Чолпон-Ата шаарында иштеп келет. Учурда анда Кыргызстандын бардык региондорунан келген 264 окуучу билим алууда. Окуу

Улуттук банк Бишкектеги 5 акча алмашуу бюросуна жана 1 жаранга айып пул салды

Банктар

Улуттук банк Бишкектеги 5 акча алмашуу бюросуна жана 1 жаранга айып пул салды

КРнын мыйзамдарынын жана КРнын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы беш алмашуу бюросу жоопко тартылды. Улуттук банктын маалыматына караганда, алардын ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле, Бишкек шаарында лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен акча алмашуу операцияларын жүргүзүп

Кыргызстан менен Беларусь  айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таанууну макулдашышты

Транспорт

Кыргызстан менен Беларусь айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таанууну макулдашышты

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоорун жактырды. Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы №118-т тескемесинде айтылгандай, Президенттин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директору аталган макулдашууну Министрлер кабинетинин атынан

Пакистан, Бангладеш жарандарына жасалма №86 формасын жасап бергендер кармалды

Коом

Пакистан, Бангладеш жарандарына жасалма №86 формасын жасап бергендер кармалды

Бишкекте мыйзамсыз миграция каналы аныкталып, уюштуруучулар колго түшүрүлгөнүн УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтан билдиришкендей, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Пакистандын жараны А.М. жана ага көмөктөшкөн Улуттук госпиталдын кызматкери И.Т.В. кармалды. Кылмышка шектүүлөр чет өлкөлүк жарандарга (Пакистан, Бангладеш) медициналык кароодон өткөрбөстөн, виза мөөнөтүн узартуу үчүн колдонулуучу №086 формасындагы жасалма маалымкаттарды сатып

"Кыргызнефтьгаз" иши боюнча экс-депутат Н.Нишанов, Н. Айдарова убактылуу кармоочу жайга киргизилди

"Кыргызнефтьгаз" иши боюнча экс-депутат Н.Нишанов, Н. Айдарова убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Нишанов жана Назгүл Айдарова сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти. Алардын айтымында, парламенттин мурдагы депутаты, учурда "Кыргызнефтьгаз" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов жана "Регион Ойл" компаниясынын директору Назгүл Айдарова коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин

Samsung  үч бүктөлүүчү гаджетти сатууну токтотушу мүмкүнбү?

Экономика

Samsung үч бүктөлүүчү гаджетти сатууну токтотушу мүмкүнбү?

Samsung компаниясы жакын арада үч бүктөлүүчү гаджет — Galaxy Z TriFold моделин сатуудан баш тартышы мүмкүн экенин SamMobile кореялык Donga басылмасына шилтеме берүү менен маалымдады. Маалыматка ылайык, компания бул телефонду Түштүк Корея рыногуна жеткирүүнү токтотууга даярданып жатат. Жакынкы күндөрү дүкөндөргө түшүшү мүмкүн болгон смартфондордун партиясы акыркысы болуп калышы мүмкүн. Маалымат булактары

ЕАЭБ алкагындагы өнөр жай кооперациясына 2026-жылы 9 млрд сом бөлүндү – Данил Ибраев

Экономика

ЕАЭБ алкагындагы өнөр жай кооперациясына 2026-жылы 9 млрд сом бөлүндү – Данил Ибраев

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жай кооперациясына бөлүнгөн бюджет 2026-жылы үч эсеге көбөйүп, 3 млрд рублден 9 млрд рублге жеткенин кечээ брифингде ЕАЭБдин Ишкерлер кеңешинин президиум мүчөсү Данил Ибраев билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы бул максаттарга 3 млрд рубль каралган болсо, 2024-жылы болжол менен 1,8 млрд рубль болгон. Ошентип, 2024-жылга

Токтогул районунда 30 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп жатат

Токтогул районунда 30 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп жатат

Токтогул районунда ирригацияны өнүктүрүү жана айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүү багытында маанилүү долбоор ишке ашырылды. Райондук суу чарба башкармалыгынын каржылоосу менен 30 гектар кайракы жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду. Жакынкы күндөрү аталган аянтка интенсивдүү бакча түзүү иштери башталат. Долбоордун алкагында 15 гектар жерге алма, ал эми дагы 15 гектарга Кокон