Latest

Нарынга жаңы автобекет курулат

Коом

Нарынга жаңы автобекет курулат

Нарынга жаңы автобекет курулат. Бул тууралуу облустун администрациясы билдирди. Такталгандай, курулуш «Нарын – реновация» долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Жаңы автобекет Нарын шаарынын Москва чөлкөмүнөн кире беришине, «Жеңиш» паркынын чыгыш тарабына курулат. Ал эми эски автобекет толугу менен реконструкцияланып, балдар үчүн заманбап эс алуу борборуна айланат. Учурда долбоорду ишке ашыруу аракети көрүлүүдө.

Садыр Жапаров Абу-Даби өнүктүрүү фондунун жетекчилиги менен жолугушту

Бийлик

Садыр Жапаров Абу-Даби өнүктүрүү фондунун жетекчилиги менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Дубайда (Бириккен Араб Эмираттары) өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль Сувэйди менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Анда ири инфраструктуралык, инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына келди

Бийлик

Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы БАЭнын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышат. Мындан тышкары, Садыр Жапаров БАЭнин жетекчилиги жана

Кыргызстанда ишкерлердин 127 миңден ашык виртуалдык кампасы иштейт

Бизнес

Кыргызстанда ишкерлердин 127 миңден ашык виртуалдык кампасы иштейт

Азыркы учурда Салык кызматынын маалыматтык системасында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонгон 111 миң 449 ишкер катталган. Бул тууралуу мекеме билдирди. Алар тарабынан «ЭТТК» системасы аркылуу 15.7 млн электрондук документ түзүлгөн, алардын ичинен сатуу боюнча – 12.5 млн, эсептен чыгаруу – 1.2 млн, алып өтүү – 751.9 миң, кириштөө боюнча

Өзбекстандык ишкерлерге Кыргызстандын экспорттук потенциалы презентацияланды

Экономика

Өзбекстандык ишкерлерге Кыргызстандын экспорттук потенциалы презентацияланды

2024-жылы 7-февралында Өзбекстандын Хива шаарында ишкерлер менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Такталгандай, Соода өкүлчүлүгү Хиванын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн алдында өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады. Соода өкүлчүлүгү Кыргызстандын экспорттук потенциалынын ар түрдүүлүгү боюнча маалымат берип, бизнес-кызматташуу үчүн аймактык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады. Иш-чара Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчисинин жана Соода өкүлчүлүгүнүн

Бишкекте тазалыкты сактабаган «Тагай бий» курулуш компаниясына айып салынды

Бизнес

Бишкекте тазалыкты сактабаган «Тагай бий» курулуш компаниясына айып салынды

Бишкекте 2024-жылдын 10-февралында муниципалдык инспекция тарабынан «Тагай бий» курулуш компаниясына 23 миң сом жана 13 миң сом айып пул салынган. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелеринин 8.20-пунктуна ылайык курулуш объекттери, курулуш материалдар өнөр жай объектилери (бетон заводдору, эритме агрегаттары ж.б.)  унаа дөңгөлөктөрү

Бишкекте кезектеги мамлекеттик дарыкана ачылды

Коом

Бишкекте кезектеги мамлекеттик дарыкана ачылды

2024-жылдын 12-февралында Студенттер үчүн шаардык дарылоо-профилактикалык бейтапканасында дагы бир мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Министр Алымкадыр Бейшеналиев мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи. «Бул 66-мамлекеттик дарыкана, жакынкы күндөрү Ош шаарында жана Сузак районунда дагы үч дарыкана ачуу пландалууда жана жыл аягына чейин ушул темп менен жалпы

Аксы окуяларында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү 800 сомго көбөйтүлдү

Коом

Аксы окуяларында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү 800 сомго көбөйтүлдү

Аксы окуяларында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Такталгандай, министрлер кабинетинин токтому менен 2024-жылдын 5-февралынан тартып Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-март окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Жөлөкпулдун өлчөмү  3700 сомдон 4500 сомго жогорулады. Кошумча

Бакыт Чомоев «Кыргызавтожолдун» башкы директору болуп дайындалды

Бийлик

Бакыт Чомоев «Кыргызавтожолдун» башкы директору болуп дайындалды

Бакыт Чомоев «Кыргызавтожолдун» башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. «Кыргызавтожол» МИ жамаатына КР транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев тааныштырды. Бакыт Чомоев буга чейин аталган «Кыргызавтожол» ишканасында директордун орун басары болуп эмгектенген.

Өзгөндө эки RestPoint эс алуу жайлары ачылды

Бизнес

Өзгөндө эки RestPoint эс алуу жайлары ачылды

Кыргызстандын түштүгүндө миңдеген туристтер өтө турган жерлерде эки жаңы эс алуу жайы пайда болду. Биринчиси RestPoint Улуу Жибек жолунда атактуу Өзгөн мунарасынын жанында жайгашкан. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Такталгандай, Сузак районунун Барпы айылында Бишкек-Ош унаа жолунун так боюнда дагы бир RestPoint ачылды. Өзгөн жана Барпы айылдарындагы жаңы эс алуу

2024-жылдын январында экономиканын өсүшү 7.4% түздү

Экономика

2024-жылдын январында экономиканын өсүшү 7.4% түздү

Ички дүң продукт 2024-жылдын январында алдын ала баалоолор боюнча 73.2 млрд сомду түздү жана 2023-жылдын январына салыштырмалуу 7.4%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.  Такталгандай, өнөр жай продукциясынын көлөмү 2024-жылдын январында 37.6 млрд сомду түздү жана 2023-жылдын январына салыштырмалуу жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердиктин

Чолпон-Атанын экс-мэри Көлбаевге 10 млн сомдук жер тилкесин мыйзамсыз берген – УКМК

Коом

Чолпон-Атанын экс-мэри Көлбаевге 10 млн сомдук жер тилкесин мыйзамсыз берген – УКМК

Уюшкан кылмыштуу топтун  лидери маркум Камчы Асанбекке Чолпон-Атадагы 10 млн сомдон ашык жер тилкесин берүүгө тиешеси бар, Чолпон-Атанын экс-мэри И.Б.Ш. тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Аталган И.Б.Ш.нын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал ок-дарылары да табылган.