Саясат
Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея