акыркы жаңылыктар

"Тазалыктын" 3 кызматкери Чоң Чүй каналына чөгүп кетти

Коом

"Тазалыктын" 3 кызматкери Чоң Чүй каналына чөгүп кетти

Бүгүн "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ауэзов көчөсүндөгү өздөрүнө бөлүнгөн аймакты тазалап, жумуш убактысынан кийин үйлөрүнө баратканда саат 8:00–8:30 аралыгында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жана каза болушкан. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев окуя болгон жерге дароо барып, кырдаалды өз көзөмөлүнө алды.

Сахалин облусунан Азербайжан, Кыргызстан жарандары сыртка чыгарылды

Экономика

Сахалин облусунан Азербайжан, Кыргызстан жарандары сыртка чыгарылды

Сахалин облусунун сот аткаруучулары миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандардын кезектеги тобун аралдан чыгарып жибергени маалымдалды. Алардын баары Борбор Азия өлкөлөрүнөн акча табуу максатында келген, бирок иштөөгө зарыл болгон документтерди расмий түрдө тариздешкен эмес. Текшерүү учурунда Азербайжан, Кыргызстан жана башка мамлекеттерден келген мигранттардын миграциялык карталарынын мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталган. Ошондой

Ак-Талаадагы ишкана суткасына 800 кг сафлор майын өндүрүп жатат

Ак-Талаадагы ишкана суткасына 800 кг сафлор майын өндүрүп жатат

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сафлор майын өндүрүү багытында маанилүү кадам ташталды. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ВВП ООН) долбоорунун каржылоосу менен Түркия Республикасынан заманбап өндүрүштүк жабдуулар алынып келинип, ишканага орнотулду. Учурда өндүрүш линиясы туруктуу иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жаңы өндүрүштүк линия суткасына 800 килограммга чейин сафлор майын

Өзбекстандан келген канаттуу эти текшерүүдөн өтпөй, артка кайтарылды

Коом

Өзбекстандан келген канаттуу эти текшерүүдөн өтпөй, артка кайтарылды

Бишкекке Өзбекстандан импорттолгон канаттуулардын эти "ТИ Кант" мамлекеттик ишканасынын убактылуу сактоо кампасындагы ветеринардык көзөмөлдө Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына жооп бербегени аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Продукция "FAYZ PARRANDA" ЖЧКдан Бишкектеги "ТТ.Топ.Трейд" ЖЧКга келген.

Бишкекте контрафакттык арак чыгаруучу цех аныкталды

Коом

Бишкекте контрафакттык арак чыгаруучу цех аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери салыктык көзөмөл боюнча рейд учурунда Бишкек шаарындагы контрафакттык алкоголдук продукция өндүрүлгөн жашыруун цехти аныкташты. Салык кызматынын маалыматына ылайык, "Арча-Бешик" конушунда жайгашкан цехтин имаратын текшерүүдө төмөндөгүлөр табылды: * 122 даана жасалма алкоголдук продукция, * Келип чыгышы шектүү 2 180 акциздик марка, * Спирттик өзгөчө жыты бар 110 литр

Балыкчы шаардык прокуратурасынын жаңы имараты ачылды

Коом

Балыкчы шаардык прокуратурасынын жаңы имараты ачылды

Башкы прокурор Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы прокуратуранын административдик имаратын расмий түрдө ачты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө Башкы прокурор жаңы имарат прокуратура органдарынын ишин заманбап талаптарга ылайык уюштурууга, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана жарандар менен иш алып баруунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганын белгиледи. Ошондой эле прокуратура

Алматы шаарында курьердик жеткирүүнү дрондор аткара баштайт

Транспорт

Алматы шаарында курьердик жеткирүүнү дрондор аткара баштайт

Казакстандын Алматы шаарында курьердик жеткирүү үчүн дрондор колдонулат. Пилоттук долбоор кийинки жылдын январь айынан тартып ишке киргизилерин Казакстандын Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлиги. Тиешелүү ниет жөнүндө меморандумга министрликтин жетекчиси жана Freedom Lifestyle компаниясы кол коюшкан. Пилоттук долбоорду ишке киргизүү 2026-жылдын январь–март айларына пландалган. Дрондор салмагы 10 килограммга чейин

Биткоин баасы 90 миң доллардан ашты

Экономика

Биткоин баасы 90 миң доллардан ашты

Forbes.ru жазгандай кечээ биткоиндин баасы 90 миң доллардан ашып, андан кийин кайра төмөндөп, 87 миң доллардын тегерегине түштү. Bloomberg белгилегендей, криптовалюта АКШнын акциялар рыногунда башталган "Санта-Клаус раллисин" колдогон жок. "Ошого карабастан, фьючерстердеги абалга караганда, айрым инвесторлор криптовалютанын өсүшүн күтүп жатышат",- деп билдиришет аналитиктер. Соода

Финансы министрлиги январь айында 5 млрд сомго МКБКны жайгаштырат

Экономика

Финансы министрлиги январь айында 5 млрд сомго МКБКны жайгаштырат

Каржы министрлиги 2026-жылдын январь айына мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарын (МКБК) алдын ала чыгаруу көлөмдөрүн жарыялады. Маалымат Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланган. МКБК эң коопсуз инвестициялардын бири катары эсептелет. Бирок бул баалуу кагаздардын анча байкалбаган тобокелдиктери бары-жогун Economist.kg сайты анализдеп көргөн. Берилген маалыматка ылайык, январь айында МКБК боюнча эки аукцион

"Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

Коом

"Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

Жаңы жыл майрамына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. УКМКнын Чек ара кызматы маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-январында аталган өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Өткөрүү иши "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пунктунда 2026-жылдын 1-январында саат 22:

Алынган айыл чарба багытындагы жерлердин компенсация нормативдери жаңыртылат

Кыймылсыз мүлк

Алынган айыл чарба багытындагы жерлердин компенсация нормативдери жаңыртылат

МинКаб айыл чарба багытындагы жерлерди башка категориядагы жерлерге которууда, ошондой эле алардын макамы өзгөртүлбөстөн жер казынасын пайдалануу максатында участоктор берилген учурда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын ордун толтуруунун нарктык нормативдерин бекитүү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ компенсацияларды эсептөөнү бирдиктүү тартипке келтирүүгө жана 2016–2023-жылдары кабыл алынган учурдагы токтомдорду алмаштырууга

Непалда мурдагы реп ырчысы Балендра Шах премьер-министр болушу ыктымал

Кызыктуу

Непалда мурдагы реп ырчысы Балендра Шах премьер-министр болушу ыктымал

Непалда март айында өтө турган парламенттик шайлоонун алдында эки таасирдүү саясатчы альянс түзүшкөнүн партия өкүлдөрү жана талдоочулар билдиришкенин "Азаттык" жазды. Мурдагы рэп ырчысы, кийин Катманду шаарынын мэри болуп шайланган Балендра Шах жекшемби күнү Rastriya Swatantra Party (Улуттук көз карандысыз партиясы, RSP) менен бирикти. Бул партияны мурдагы тележурналисттен саясатчыга