акыркы жаңылыктар

Салык кызматынын лотереясынын 3-күнүндө 234 адам баалуу байгенин ээси болот

Коом

Салык кызматынын лотереясынын 3-күнүндө 234 адам баалуу байгенин ээси болот

Бүгүн, 27-декабрда – «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуунун үчүнчү күнү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Түз эфирдин жүрүшүндө 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана 4 Dyson фени ойнотулат. Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы саат: 13.00. Эскерте кетсек, 25

Ошто муниципалдык күрөш залы курулат

Коом

Ошто муниципалдык күрөш залы курулат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Сай-Бою көчөсүндө жаңыдан курулушу башталган муниципалдык күрөш залы менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Шаар башчысы курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген убактысында бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Аталган мекемеде спортчулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, жуунучу, кийим алмаштыруучу жайлар, машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр болот. Курулуштун жалпы

Депутаттар Бакыт Төрөбаевди айыл чарба министри кызматына дайындоого макулдугун беришти

Бийлик

Депутаттар Бакыт Төрөбаевди айыл чарба министри кызматына дайындоого макулдугун беришти

Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Төрөбаевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына дайындоого макулдугун беришти. Эске салсак, 2023-жылдын 25-декабрында айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков ээлеген кызматынан бошотулган.

Нарында бюджеттик каражаттын эсебинен атайын техника алынууда

Коом

Нарында бюджеттик каражаттын эсебинен атайын техника алынууда

Нарын облусундагы 27 ирилештирилген айыл өкмөтүн колдоо максатында Нива үлгүсүндөгү автоунаалар жана ар бир айыл өкмөткө өнүктүрүү үчүн 10 млн сомдон каражат берилген. Учурда ушул каражатка айыл өкмөттөрүнө зарыл болгон техникалар алынууда. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди. Алсак, бүгүнкү күнгө чейин Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнө 1 погрузчик, 1

Таласта 4.2 млн сом опузалоого шектелип жергиликтүү кеңешинин депутаты кармалды

Бийлик

Таласта 4.2 млн сом опузалоого шектелип жергиликтүү кеңешинин депутаты кармалды

Талас облусунун Бекмолдо а/а жергиликтүү кеңешинин депутаты Ч.Т.Ж. кармалды. Ал 4 млн 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалоого шектелүүдө. Бул тууралуу УКМК билдириди. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, шектүү 25-декабрда Бишкек шаарынын аймагында 1 млн сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. Ушул жылдын декабрынын башында

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

Бийлик

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Санкт-Петербургга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Россия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Бейформал жолугушуунун алкагында Президент Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн  лидерлери

Бишкек мэриясында бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду

Коом

Бишкек мэриясында бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду

Бишкек мэриясында бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, Бишкек шаарынын мэриясында борбордун укук коргоо органдарынын жана  бардык муниципалдык кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча мэр Айбек Джунушалиев тарабынан  Биринчи май райондук администрациянын, ошондой эле шаардын

Кыргызстандыктар 2024-жылын кайсы күндөрү дем алышат – минкабдын чечими

Коом

Кыргызстандыктар 2024-жылын кайсы күндөрү дем алышат – минкабдын чечими

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу минкаб билдирди. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн төмөнкүдөй белгиленди: 1)

Бишкекте 30-декабрдан тарта айрым аймактарда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Коом

Бишкекте 30-декабрдан тарта айрым аймактарда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жаңы жылды майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө буйругуна ылайык, 2023-жылдын 30-декабрынан 2024-жылдын 1-январына чейин (кошкондо) айрым жерлерде жол кыймылы, ошондой эле унаа токтотуу эрежелери чектелет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Ошентип, Чүй проспектиси (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 2023-жылдын 30-декабрында саат 14:00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07:

Сузакта жаңы мектеп ачылды

Коом

Сузакта жаңы мектеп ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Түрк-Абад айылындагы 275 орунду жаңы мектеби ачылды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Эске салсак, Түрк-Абад айылындагы мектепти курууга 20 млн 350 миң сом жумшалып, аны “Ассанабиль” кайрымдуулук фондусу каржылаган.

Бала-Саруу ГЭСине кичи гидроагрегат орнотулду

Энергетика

Бала-Саруу ГЭСине кичи гидроагрегат орнотулду

Бала-Саруу ГЭСине 5 МВт кубаттуулугундагы кичи гидроагрегатты орнотуу иштери соңуна чыкты. Бул тууралуу «Чакан ГЭС» ишканасы билдирди. Мындан тышкары, ГЭС аймагында алгылыктуу иштер аткарылды: ·        ГЭСтин имараты курулуп, ·        110 кВ чыңалуусундагы элегаздык изоляциясы менен жабык бөлүштүрүүчү түзмөк монтаждалып, ·        жалпы кубаттулугу 32 000 кВА түзгөн эки күч трансформатор орнотулуп, ·        110 кВ чыңалуусундагы

Лебединовкада «Евразия» соода борбору ачылды – дареги

Бизнес

Лебединовкада «Евразия» соода борбору ачылды – дареги

2023-жылдын 23-декабрында “ЕВРАЗИЯ” соода борбору ачылды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. “ЕВРАЗИЯ” соода борбору төмөнкү багыттарда иш жүргүзөт: ·         товар рыногунун (товар алмашуу) субъекттеринин ортосунда бартердик мамилелерди уюштуруу; ·         товардын түз акчалай эмес алмашуусу, мында товар рыногунун субъекттери маанилүүлүгү жана наркы (баасы) боюнча эквиваленттүү бир же бир нече түрдөгү товарлардын белгилүү көлөмүн