Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Санкт-Петербургга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Россия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

Бейформал жолугушуунун алкагында Президент Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн  лидерлери "Павловск" коругуна, "Царское Село" жана Петергофко экскурсия менен барып, бейформал сый тамакка катышты.

Иш сапарын аяктап, Мамлекет башчысы 27-декабрда эртең менен Бишкек шаарына кайтып келди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады