Энергетика
Конвекторлор менен иштеген мектептерди жылытуу маселеси көтөрүлдү
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева Шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында учурда борбор калаада 119 мектеп жана 120 бала бакча бар экенин билдирди. Алардын ичинен: * 130 билим берүү мекемеси борборлоштурулган жылуулукка, * 54 мекеме газ менен, * 46 мекеме электр казандары (электрокотельная) аркылуу, * 15 мекеме көмүр