Экономика
Өкмөт “Кыргызиндустриянын” ишмердигин текшерди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Кыргызиндустрия” ААКнын бир катар ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди. Алгач “Кыргызбетонкурулуш” продукциясынан, тагыраагы Emmedue инновациялык системасы аркылуу жасалган пенополистирол панелдеринен курулуп жаткан көргөзмө комплексинин курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Мындан тышкары “Кыргызфармтех” ЖЧКсынын жана зер буюмдарын чыгаруучу жаңы ишкананын имараттарындагы