Бийлик
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 13.98 чакырымы макулдашылды
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 12-октябрынан 18-октябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди. Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 13.98 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар КРнын аймагында