Экономика
Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясында 3.5 млрд доллардан ашуун келишимдерге кол коюлду
Жалал-Абад шаарында өткөн «Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору» Кыргызстан-Россия аймактар аралык X мааракелик конференциясынын жыйынтыгында жалпы суммасы 3.5 млрд долларын түзгөн документтерге жана келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу минкаб билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Тарыхый жана союздаштык байланыштар,