Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму башталды. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө КМШ мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери эл аралык күн тартибиндеги жана Шериктештик форматындагы өз ара аракеттенүүнүн маселелери боюнча пикир алмашат, ошондой эле КМШнын өкмөт башчыларынын жана мамлекет башчыларынын кеңештеринин жыйындарында киргизилген чечимдердин долбоорлорун карайт.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media