Коом
Аксыда 288 млн сомго насостук станциянын суу түтүктөрү жаңыланууда
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу “Жел-Тийбес” насостук станциясында түтүктөрдү алмаштыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул түтүктөр 49 жыл мурун орнотулган жана ушул убакка чейин оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Маселе 2024-жылы өткөн III Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн. Учурда жеринде казуу жана жаңы түтүктөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Жалпы узундугу 2800 метрди түзгөн