Бийлик
Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы отчету канааттандырарлык деп табылды
Бүгүн, 21-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы иши жөнүндө отчету каралды. Депутаттардын суроолоруна Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жооп берди. Талкуу маалында депутат Мейкинбек Абдалиев 2022-жылы мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө 1 млрд 662 млн сомго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын айтып, бул багытта укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү