акыркы жаңылыктар

Мамлекет башчы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Бийлик

Мамлекет башчы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө катышты. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө өлкө башчы жылпы кыргызстандыктарды Улустун Улуу күнү менен куттуктады:    “Кымбаттуу кыргызстандыктар! Ар-намысы тоодой бийик теңир тоолук агайын-туугандар! Күн менен түн теңелип, жер бетинде тиричилик жанданып, жергебизге жалпыбыз күткөн жаз келди. Ата-бабаларыбыздан калган улуу көчтү

Маркасы жок балдар тамак-ашынын калдыктарын 1-майга чейин сатып түгөтүү керек

Экономика

Маркасы жок балдар тамак-ашынын калдыктарын 1-майга чейин сатып түгөтүү керек

Салык кызматы балдардын тамагы катары катталган алкоголсуз суусундуктарга 2026-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү түрдө акциз салыгы салынып, акциздик маркалар менен маркаланышы керектигин эскерткен. Бул талап КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы токтому менен киргизилген жана мамлекеттик каттоодон балдар тамак-ашы катары өткөн, ошондой эле ТЭИ ТН 2202 товардык позициясына кирген алкоголсуз суусундуктарга тиешелүү.

Бишкекте жылуулук кийинки жумада өчүрүлүшү мүмкүн — мэрия

Бишкекте жылуулук кийинки жумада өчүрүлүшү мүмкүн — мэрия

Бишкек шаарында жылуулук берүү кийинки жумада эле токтотулушу мүмкүн экенин мэрия билдирди. Эске салсак, эгер абанын орточо суткалык температурасы +8 градустан жогору болуп, кеминде беш күн катары менен сакталса, адатта шаар бийлиги жылытуу мезгилин аяктоо тууралуу чечим кабыл алат. Аба ырайынын божомолу боюнча, борбор калаада жакынкы жети күн ичинде туруктуу

АКШ Иран мунайына коюлган санкцияларды бир айга алды

Транспорт

АКШ Иран мунайына коюлган санкцияларды бир айга алды

АКШнын Каржы министрлиги Иран мунайына карата санкцияларды бир айлык мөөнөткө алып салганы ведомство чыгарган башкы лицензияда айтылган. Маалыматка ылайык, Америка Кошмо Штаттары 30 күнгө — 19-апрелге чейин — 20-мартка карата жүктөлүп, жолдо болгон Иран мунайы жана мунай продуктыларын сатып алуу жана сатууга коюлган чектөөлөрдү убактылуу жокко чыгарды. АКШнын Каржы министри Скотт Бессенттин

Оштогу Имам аль-Бухари мечитинин ордуна заманбап мечит курулат

Кыймылсыз мүлк

Оштогу Имам аль-Бухари мечитинин ордуна заманбап мечит курулат

Ош шаарындагы Имам аль-Бухари атындагы Алай мечити бузулуп, ордуна заманбап, чоң мечиттин курулушу башталарын шаар мэри Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, учурда шаар өсүп, мечитке эл батпай бара жатат. "Жүздөгөн жылдар тарыхы бар бул мечитте миңдеген адамдардын дубасы айтылып, жүрөктөр тазарган ыйык жай. Бирок, убакыт өзгөрүп,

2025-жылы Кыргызстанда бир уйдан орточо 2114 кг сүт саалды

Экономика

2025-жылы Кыргызстанда бир уйдан орточо 2114 кг сүт саалды

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, республикада мал чарбачылыгында оң динамика байкалууда. Бир уйдан орточо саалган сүт 2024-жылы 2063 кг болсо, 2025-жылы 2114 кгга жетип, өсүү темпи 2%ды түздү. Эң жогорку натыйжаларды Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун чарбалары көрсөттү — тиешелүүлүгүнө жараша 3339 кг жана 3203 кг. Ошол эле учурда эң

1-апрелден тартып медицина кызматкерлеринин эмгек маяналары 100% көтөрүлөт

Коом

1-апрелден тартып медицина кызматкерлеринин эмгек маяналары 100% көтөрүлөт

Президент Садыр Жапаров буга чейин мамлекет дарыгерлерге колдоо болоорун, алардын эмгек маяналары көтөрүлөрүн айтып келген. Ушуга байланыштуу азыр, ооруканалардагы медицина кызматкерлеринин тартыштыгын чечүү, медициналык мекемелерге жүктү азайтуу боюнча иштер жүрүп жатат. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул тууралуу өзүнүн баракчасында билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчы дарыгерлердин социалдык абалын жакшыртуу

Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун!

Коом

Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун!

Урматтуу “Ишкер Медиа” сайтынын окурмандары! Сиздерди жаз жаңырып, табият ойгонуп, үмүттү жана жакшылыкты ыроолотуп келген Нооруз майрамы менен куттуктайбыз. Нооруз - өз ара түшүнүүнүн, кечиримдүүлүктүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам болуп саналат. Ушул улуу күндүн келиши менен элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык жана өсүп-өнүгүү болсун! Ар бир үйдө

Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун программа иштелип чыкты — Экономика министрлиги

Экономика

Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун программа иштелип чыкты — Экономика министрлиги

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун программа иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директорунун орун басары Бакыт Рыспаев радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, программанын негизги максаты — аймактар арасындагы теңсиздикти азайтуу жана дотацияда турган аймактарды өзүн-өзү камсыздай алган деңгээлге жеткирүү. Рыспаев белгилегендей, Кант жана Өзгөн

Бир нече автожолдорго "Автоураган" камералары орнотулду

Транспорт

Бир нече автожолдорго "Автоураган" камералары орнотулду

Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын (ЖККББ) басма сөз кызматы билдиргендей, "Автоураган" аппараттык-программалык комплекстеринин бир нечеси пайдаланууга берилди. Бул комплекстер төмөнкү жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктайт: * коопсуздук курун тагынбоо; * каршы тилкеге чыгып кетүү; * ылдамдыкты ашыруу; * жол белгилеринин жана жол чийиндеринин талаптарын сактабоо; * "Коопсуз шаар" камералары аркылуу төлөнбөгөн

Ысык-Көл облусунда асфальт төшөө иштери башталды

Транспорт

Ысык-Көл облусунда асфальт төшөө иштери башталды

Ысык-Көл облусунда 2026-жылдагы алгачкы асфальт төшөө иштери башталганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков жол курулушуна даярдык көрүү иштерин, материалдар менен камсыз кылууну, ошондой эле Балыкчы — Барскоон — Каракол автожолунун тилкесин текшерип чыкты. Маалыматка ылайык, буга чейин Россия менен жетишилген келишимдин негизинде быйыл

Камчыбек Ташиев өзүн каралаган маалыматтар тарап жатканын айтып, элден кечирим сурады

Камчыбек Ташиев өзүн каралаган маалыматтар тарап жатканын айтып, элден кечирим сурады

УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев Айт намаздан кийин элден кечирим сурап, өзү тууралуу жалган жана негизсиз маалыматтар тарап жатканын айтты. "Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү Айт намазынын урматына кимдир бирөөнү капа кылсам же кимдир бирөөгө туура эмес мамиле кылган болсом ар бир мусулман калкынан кечирим сурайм. Орозо маалында ар