акыркы жаңылыктар

Бишкектеги «Батуми» кафесинин буздуруусун УКМК текшерет

Коом

Бишкектеги «Батуми» кафесинин буздуруусун УКМК текшерет

КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарында жайгашкан «Батуми» кафесин мэриянын тарабынан бузулушу тууралуу өз жеринен барып таанышып келди. Бул тууралуу мекеме билдирди. Эске салсак, «Батуми» кафеси шаардык мэриянын тарабынан 24 майда буздурулган. Ишкананы ээси Кадича Бечелова аларга расмий эскертүү берилбегенин, буздуруу боюнча сот чечими жоктугун айтты. Ташиев тийиштүү мекемелердин

Кумарканалар бюджетти 126 млн сомго толуктады

Коом

Кумарканалар бюджетти 126 млн сомго толуктады

Кумарканалардан жана букмекердик кеңселерден мамлекетке түшкөн киреше 126 млн сомду түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров маалымдады. Кызматтын маалыматы боюнча, буга чейин Кыргызстанда төрт букмекерлик кызматка жана бир казиного лицензия берилген. «84 миллион сом казинолордон, 42 млн сом букмекердик кеңселерден

Кыргызстандын кайсы банктары Google Pay системасын киргизди - тизме

Бизнес

Кыргызстандын кайсы банктары Google Pay системасын киргизди - тизме

Кыргызстандагы 23 коммерциялык банктын ичинен азырынча 8 гана Google Pay төлөм системасын ишке киргизди. Бул тууралуу 25-майда Бишкек эл аралык финансы форумунун (BIFF 2023) жүрүшүндө белгилүү болду. Visa компаниясынын вице-президенти, Борбордук Азия жана Азербайжан боюнча аймактык менеджери Кристина Дороштун айтымында, Google Кыргызстанда Visa токенизация кызматы пайда болгондон кийин Кыргызстандын рыногуна

Кыргызстанда 423.5 км чарба аралык каналдарды оӊдоолуп тазаланды

Кыргызстанда 423.5 км чарба аралык каналдарды оӊдоолуп тазаланды

2023-жылдын 15-май айына карата Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 423.5 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ведомствонун ишмердиги тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Аткарылган иштерге төмөнкүлөр да кирди: · 417 гидротехникалык курулмалардын, 164 суу ѳлчѳѳчү посттордун, 5 суткалык жөнгө салуучу бассейндеринин тазалоо; · 87 насостук

Быйыл климатка байланыштуу айдап себүү иштери графиктен бир аз кечеңдеди – Айыл чарба министрлиги

Быйыл климатка байланыштуу айдап себүү иштери графиктен бир аз кечеңдеди – Айыл чарба министрлиги

Быйыл жазгы талаа иштери эрте башталган, бирок климатка байланыштуу айдап себүү иштери графиктен бир аз кечеңдеди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигигин өкүлү Жигиталы Жумалиев айтып берди. Анын айтымында, ошентсе дагы учурда жазгы талаа иштери дээрлик жыйынтыкталып, Нарында гана 20-30% иш калды. Эң башкысы, дыйкандар кант кызылчасын эгип жетишти. Анын аянты

Мамлекетке карызды аэропорттон эле төлөгөнгө шарт түзүлөт

Коом

Мамлекетке карызды аэропорттон эле төлөгөнгө шарт түзүлөт

Мамлекетке карызы бар жарандар үчүн аэропорттон эле терминал аркылуу төлөп карызынан кутулууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев парламентте айтып берди. Анын айтымында, учурда автоматташтырылган программа түзүлүп бүттү. Жарандар аэропорттон эле терминал аркылуу төлөй ала тургандай болот. Маселе 10-20 мүнөттүн аралыгында чечилет. «Учурда жарандардын чет өлкөгө чыгышына

Депутаттар Малайзиянын Инвестицияларды өнүктүрүү башкармалыгы менен жолугушту

Депутаттар Малайзиянын Инвестицияларды өнүктүрүү башкармалыгы менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Малайзия мамлекетиндеги иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Инвестицияларды өнүктүрүү башкармалыгынын Аткаруучу директору Нажихан Абас менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча Кыргызстанда көрүлүп жаткан чараларга токтолду. Муну менен катар

Парламентте КРнын бардык жерлеринде машина-трактор станцияларын ачууну сунушталды

Экономика

Парламентте КРнын бардык жерлеринде машина-трактор станцияларын ачууну сунушталды

25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу маалымат кызмат кабарлады. Такталгандай, депутат Мейкинбек Абдалиев да дыйкандарды колдоо маселелерине көңүл буруп, жыл өткөн сайын техника, күйүүчү май жана башка товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташынан улам айыл чарбасы менен алектенүү кыйындап баратканын белгиледи. Ушуга байланыштуу ал бардык жерледре машина-трактор

Депутаттар Малайзиянын Эл аралык соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бийлик

Депутаттар Малайзиянын Эл аралык соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Парламенттик делегация Малайзиянын Эл аралык соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК маалымат кызматы маалымдады. Белгиленгендей, жолугушууда мамлекеттер аралык соода байланышын чыңдоо жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча Кыргызстанда көрүлүп жаткан

КРУБ коммерциялык банктар менен санкциялардын тобокелдиктерин талкуулады

Бизнес

КРУБ коммерциялык банктар менен санкциялардын тобокелдиктерин талкуулады

2023-жылдын 23-майында Улуттук банк коммерциялык банктардын комплаенс-кызматтары менен жолукту. Маалымат КРУБнын расмий сайтында жарыяланган. Такталгандай, жолугушууда санкциялар жана санкциялардан улам кошумча тобокелдиктердин таасири боюнча актуалдуу маселелер ортого салынды. «Жолугушууда АКШ жана Европа бирлиги тарабынан КРнын экономикалык өнөктөш өлкөлөрүнө карата чектөө чаралары киргизилген учурдан тартып Улуттук банк КРнын банк системасына санкциялардын

Бишкекте «Кыргызстан-Казакстан» бизнес-форуму өттү

Бизнес

Бишкекте «Кыргызстан-Казакстан» бизнес-форуму өттү

Бишкекте «Кыргызстан-Казакстан» бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасы маалымдады. Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Казакстандын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ишкер байланыштарды түзүү болгон. Кыргызстан менен Казакстандын ишкерлери өз компанияларын, продукцияларын ийгиликтүү көрсөтүп, панелдик талкууларга катыша алышты. Форумга Казакстандан жыйырмадан ашык компания катышып,

«Кыргызавтожолдун» жетекчилиги 10.2 млн сомду кымырып алышкан

Коом

«Кыргызавтожолдун» жетекчилиги 10.2 млн сомду кымырып алышкан

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 10 млн 263 миң сомдук бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз которуу жана ыйгарып алуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Такталгандай, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жол башкармалыгынын №32 жол тейлөө мекемесинин башчысы Т.М.М. жана «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын директору К.Р.Н. кызмат