Саясат
Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке келди. Бул тууралуу минкаб билдирди. Эмомали Рахмонду министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Рахмон Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган КМШ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл КР КМШга төрагалык кылууда.