Кыргызстанда турак-жай Өзбекстан менен Казакстанга караганда арзан – себептерин эксперт түшүндүрөт
Кыргызстанда турак жайга суроо-талап аз болгондуктан анын баасы Өзбекстан менен Казакстанга салыштырмалуу арзан. Бул тууралуу Economist.kgге ЖИА бизнес-ассоциациясынын курулуш бөлүмүнүн башчысы Чолпонбек Акматов билдирди. Акматовдун айтымында, коңшу өлкөлөрдө турак-жайдын баасын кармап турган негизги факторлордун бири – калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү Өзбекстан менен Казакстанда жогору. Кыргызстанда болсо абал тескери – базар тар,