Ысык-Көлдө 1.2 миң жыгач мамылар темир бетон мамыларга алмашат

Ысык-Көлдө  1.2 миң жыгач мамылар темир бетон мамыларга алмашат

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филилалы - Ысык-Көл электр тармактар ишканасында энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо максатында оңдоо иштери башталды.

Күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтуу жана берилген электр энергиясынын сапатын жакшыртуу максатында энергетиктер эрте жаздан кеч күзгө чейин пландуу оңдоо иштерин жүргүзүшөт.

Бардыгы болуп 2024-жылга 323  трансформатордук көмөкчордондорду,  445 чакырым 0,4/10 кВ  жана 90,3 чакырым 35/11кВ   аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылууда.

Ошондой эле 58 көмөкчордондун 451 электр жабдуулары капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Чолпон-Ата, Ой-тал, Ананьево көмөкчордондорунда өчүргүчтөр алмаштырылат.

Мындан тышкары кошумча 12 трансформаторду орнотуу жана 51,4 чакырым эски алюминий зымдарын СИП зымдарына алмаштыруу пландалууда. Ошондой эле 1200 даана эски жыгач мамылар жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылат.

Ушул тапта Ысык-Көл облусунун ар бир районунда  күз-кыш мезгилине даярдыктар башталды. Пландаштырылган оңдоо иштерине байланыштуу, абоненттерди электр энергиясынын убактылуу пландуу өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

Пландаштырылган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтында https://ipes.nesk.kg/ru/   жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлдөр келет.

Оңдоо программасынын көлөмүн өз убагында ишке ашыруу күз-кыш мезгилинин максималдуу электр жүктөмдөрүнүн ийгиликтүү өтүшүн, облустун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто жаңы унаа токтотуучу жай ачылды

Ошто жаңы унаа токтотуучу жай ачылды

Ош шаарында эреже бузган жана ээсиз калтырылган унаалар үчүн атайын токтотуучу жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, объект Раимбеков жана Кара-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Жалпы аянты 6 091 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери 2025-жылы башталган. 5 452 чарчы метрге асфальт төшөлүп, 256,5 метр бордюр, 549

Ишкер Media
Декларациялабаган iPhone 18 Pro телефондору «Манас» бажысынан кармалды

Декларациялабаган iPhone 18 Pro телефондору «Манас» бажысынан кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын «Манас» бажысынын кызматкерлери менен УКМК кызматкерлери биргеликте Евразия Экономикалык Бирлигинин жана КРнын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты. Бажы кызматынан кабарлагандай, “Flydubai” авиакомпаниясынын Дубай - Бишкек каттамы менен учуп келген жүргүнчүлөрдү бажылык контролдон өткөрүү учурунда, багажды жана кол жүктү кайрадан текшерип кароодо iPhone 18 Pro Max жана iPhone 18

Ишкер Media
2027-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндеринин үрөндөрү сатыкка чыкты

2027-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндеринин үрөндөрү сатыкка чыкты

Күздүк кылкандуу дан эгиндеринин сертификацияланган үрөндөрү эркин сатыкка чыгарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, сатыкта бар сорттор: Күздүк буудай: "Баграт", "Интенсивная", "Алексеич", "Дордой-16", "Тимирязевка 150", "Кыял", "Аср&

Ишкер Media
Кыргызстан Кытайга дан азыктарын Торугарт аркылуу экспорттой баштайт

Кыргызстан Кытайга дан азыктарын Торугарт аркылуу экспорттой баштайт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайга болгон иш сапарында Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын министри Сунь Мэйцзюнь менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жолугушуунун негизги жыйынтыгы - Кыргызстандан Кытайга дан азыктарын Торугарт өткөрмө пункту аркылуу экспорттоого макулдашуу болду. Бул Чүй облусунун дыйкандары үчүн Кытай рыногуна чыгуунун жаңы

Ишкер Media