акыркы жаңылыктар

Эми патент электрондук түрүндө гана берилет

Эми патент электрондук түрүндө гана берилет

2023-жылдын январынан тартып экономикалык ишти жүзөгө ашырууга патенттер электрондук түрдө гана таризделиши керектигин Мамлекеттик салык кызматы эскертти. Кагаз түрүндөгү патент жокко чыгарылды. Патенттин негизинде иштеген жеке жактар жана жеке ишкерлер электрондук патентти алуу жана узартуу үчүн салык органдарына баруунун кажети жок. Salyk.kg сайтындагы “жеке кабинетке” кирүү жетиштүү. “Жеке кабинет”

Кыргызстанда халал индустриясынын техникалык комитети түзүлөт

Кыргызстанда халал индустриясынын техникалык комитети түзүлөт

Кечээ, 30-январда Экономика жана коммерция министрлигинде Стандартташтыруу жана метрология борбору (СМБ) менен «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин “Халал индустриясынын техникалык комитетин түзүү” жөнүндө биргелешкен буйругуна кол коюлду. Министрликтин берген маалыматына таянсак, буйрукка СМБ директору – Болот Нурматов жана Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору – Алмаз Кайырбеков кол коюшкан. Стандартташтыруу боюнча Техникалык

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк Башкармасы 30-январда эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул пайыз менен жөнгө салуучу өлкөнүн коммерциялык банктарына насыя берет жана бул чен акыры экономикага, ошондой эле калктын алган насыясынын баасына таасирин тийгизет. Регулятор негизги чен өлчөмүн сактап калуу чечими өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына жооп берет

Казакстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга мамлекеттик кепилдик бербейт

Казакстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга мамлекеттик кепилдик бербейт

Казакстан менен Өзбекстан да катыша турган Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга кеткен чыгымдар үч өлкөгө тең бөлүштүрүлөт. Ошондой эле чет өлкөдөн да каражат тартылышы мүмкүн, деп билдирет “Казинформ”, Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматына таянып. «Долбоорду эл аралык долбоордук каржылоо талаптарына ылайык ишке ашыруу пландаштырылууда, анын алкагында керектүү көлөмдө кредиттик каражаттар тартылат. Мындан

«Кумтөр» бул жылы 14 тонна алтын чыгарууну пландап жатат

«Кумтөр» бул жылы 14 тонна алтын чыгарууну пландап жатат

Алтынды өндүрүү, сатуу жана «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү минкаб төрагасы Акылбек Жапаров менен бирге Кумтөр кенине барышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Комиссия мүчөлөрү башкы карьердин, Петров көлүнүн, калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышып, ошондой эле алтын бөлүп чыгаруучу фабрикага барышты.

Депутаттар чиновниктерге мамлекеттик ишканаларды башкарууга уруксат бербей коюшту

Депутаттар чиновниктерге мамлекеттик ишканаларды башкарууга уруксат бербей коюшту

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 30-январда минкаб мүчөлөрүнө жана президенттик аппараттын бөлүм башчыларына мамлекеттик компаниялардын директорлор кеңештеринде же байкоочу кеңештеринде кызмат ээлөөгө уруксат берген мыйзам долбоорун четке какты. Бул тууралуу Kaktus.media билдирет. Басылманын маалыматына ылайык, долбоорду экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев алып чыкты. «Тартип

2024-жылдан тартып маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырат

2024-жылдан тартып маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырат

2023-жылдын жыйынтыгы менен 2024-жылы расмий түрдө маяна алган жарандардын баары салык декларациясын тапшырууга милдеттүү болот. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, бирдиктүү салык декларациясы үч этап менен киргизилүүдө. “Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун алгачкы этабы жүрүүдө.

Паспорт, айдоочунун күбөлүгү сыяктуу документтерди «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик форматта колдонсоңуз болот

Паспорт, айдоочунун күбөлүгү сыяктуу документтерди «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик форматта колдонсоңуз болот

Эми бардык маанилүү документтерди смартфонуңузда сактап, талап боюнча көрсөтсөңүз болот. Анткени бул тиркемедеги электрондук документтер юридикалык күчкө ээ. “Түндүк” мобилдик тиркемесинин жардамы менен сиз санариптик форматта төмөнкү документтерди көрсөтө аласыз: * Паспорт * Айдоочунун күбөлүгү * Каттоо жөнүндө күбөлүк. Процесс жогорку коопсуздукка ээ жана алдамчылык аракеттерин жокко чыгарат, анткени бир жолку QR коддорду

Суу - бул маанилүү ресурс, аны экспорттоо иштерин күчөтүү зарыл - Акылбек Жапаров

Суу - бул маанилүү ресурс, аны экспорттоо иштерин күчөтүү зарыл - Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышып, сууну экспорттоо тууралуу пикирлерин айтканын минкабдын маалымат кызматы билдирди. Жыйында Жапаров бөтөлкөдөгү сууну экспорттоо иштерин күчөтүү менен потенциалдуу инвесторлорду/өндүрүшчүлөрдү республиканын аймагына тартуу аркылуу өз бренди менен өндүрүш ачуу жана андан ары чет өлкөлүктөргө жеткирүү зарыл экендигин айтты. “Суу

Кыргызстандын дыйкандарын Global G.A.P сертификатын кантип алууну үйрөтүшөт

Кыргызстандын дыйкандарын Global G.A.P сертификатын кантип алууну үйрөтүшөт

Германиянын Global G.A.P компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандагы өндүрүүчүлөр үчүн окуу курстарын жана органикалык продукцияга сертификат алуу боюнча техникалык картаны иштеп чыгат. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктин жетекчиси Умбриэль Темиралиев менен Global G.A.P компаниясынын башкы директору Кристиан Мюллер менен жолугушуусунда айтылды. Global G.A.P тарабынан иштелип чыккан

Ысык-Көлдө Тянь-Шань карагайларын массалык түрдө кыйып жатышат

Ысык-Көлдө Тянь-Шань карагайларын массалык түрдө кыйып жатышат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик карызды “жашыл долбоорлорго” алмаштырууну сунуштап, улуттук токойлорду калыбына келтирүү өнөктүгүн баштап жаткан чакта, Ысык-Көлдөгү токойлор кыйылып, жок кылынууда. Ecostan.kg Коомдук фонду Ысык-Көл облусунда карагайларды мыйзамсыз кыюу иштери кызуу жүрүп жатканын айтат. “Ал жерде эреже бузгандар жыл сайын негизинен Тянь-Шань карагайын жок кылышат. Бул дарак

Бензин кымбаттайт, Россия бажы алымысыз берчү көлөмдү азайтты -  Нетфтетрейдерлер

Бензин кымбаттайт, Россия бажы алымысыз берчү көлөмдү азайтты - Нетфтетрейдерлер

Россиядан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майды (КММ) бажы алымысыз ташып келүүнүн көлөмү 20%га төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы КР 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизель майын салык төлөбөстөн сатып алган. Бул жылы болсо анын көлөмү 460 миң тонна