Минкабдын алдындагы Архитектура агенттиги жасалма келишим түзүп, бюджеттен 15 млн сомду чыгарып кеткен
Минкабга караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-курулуш департаменти жана Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары жасалма келишимдерди түзүп, республикалык бюджеттен мыйзамсыз 15 млн сом акча каражатын чыгарып кетишкен. УКМКнын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, аталган департамент 2019-жылдын декабрь айында Чүй облусунун аймагындагы орто мектепти