Экономика
ЖКнын комитети 2024-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун карады
Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда «КРнын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Жыйында баяндама жасаган Финансы министри Алмаз Бакетаев фискалдык саясаттын негизги багыттарына токтолду. Ал белгилегендей, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин