МЖӨ борбору 30 млрд сомдук 15 келишимге кол койду
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору (МЖӨ) 2022-жылы 30 млрд сомдук 15 келишимге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда МЖӨ борборунун директору Санжар Болотов журналисттер менен жолугушуусунда билдирди. «Буга чейин биздин долбоордук портфелибиз 32 долбоор болсо, 2022-жылдын аягына карата 56 долбоорду түздү. 2022-жылы тартылган инвестициянын жалпы суммасы 30 млрд сомдон ашык сумманы түзүп,