КР деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды - БАЭ Кыргызстанга 30 га жер бөлүп берди

КР деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды - БАЭ Кыргызстанга 30 га жер бөлүп берди

Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстанга деңизге чыгуу үчүн Абу Дабидеги Халифа Портко (Khalifa Port) жакын жайгашкан КЕЗАД – (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi (KEZAD) эркин экономикалык аймагынан 30 гектар жер бөлүп берди. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаровдун БАЭге сапарынын алкагында, сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында 2 негизги документке кол коюлган.

Биринчи макулдашууга ылайык, КРнын Экономика жана коммерция министрлиги жана AD Ports Group документке кол койду. Анын алкагында, Эмират компаниясы логистикалык борборду жана бажы аймагын өнүктүрүү жана иштетүү үчүн аймактагы эң заманбап портко – Абу Дабидеги Халифа Портко (Khalifa Port) жакын жайгашкан КЕЗАД – (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi (KEZAD) эркин экономикалык аймагында 300 000 чарчы метрден ашык жерди бөлүп берген.

Экинчи макулдашууга ылайык, Maqta Gateway КРнын Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук бирдиктүү терезени түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт.

Белгилей кетсек, Maqta Gateway бул жаатта чоң тажрыйбага ээ, анткени ал Абу-Дабидеги соода жана логистикалык кызматтарды, анын ичинде деңиздеги, кургактык, абадагы, өнөр жай жана эркин зоналарды бириктирүү үчүн иштелип чыккан алдыңкы соода платформасынын, инновациялык бирдиктүү терезенин иштеп чыгуучусу жана башкаруучусу болуп саналат. 

«Бул келишимдерге кол коюу эркин экономикалык аймактарды башкаруу жана секторду санариптештирүү сыяктуу тармактарда AD Ports Group ээлеген алдыңкы позицияны белгилейт жана биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди чыңдоодо маанилүү кадам болот. Биздин акылман өкмөтүбүздүн экономикалык өнүгүү планына ылайык, биз башка аймактарда өнүгүүнү улантып, Борбор Азияны AD Ports Groupтун өнүгүүсү үчүн стратегиялык маанилүү багыт катары карайбыз.

Бизге көрсөтүлгөн ишеним үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз жана санариптештирүү, эл аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча жемиштүү кызматташууга үмүттөнөбүз”, – деди «AD Ports Group» Компаниялар тобунун Башкаруучу жана Башкы директору Капитан Мохамед Жума Аль Шамиси.

AD Ports Group Эркин экономикалык аймагы кластерлеринин Башкы директору Абдулла аль-Хамели КРнын Экономика жана коммерция министрлиги менен түзүлгөн Макулдашуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жаңы барагынын башталышы болот деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде, Maqta Gateway аткаруучу директору Нура Аль Дахери компания үчүн Кыргызстан өкмөтү менен биргеликте бажы жана чек араны башкаруу, ошондой эле соода жана логистикалык кызматтарды интеграциялоо боюнча улуттук “бирдиктүү терезени” иштеп чыгуу боюнча комплекстүү чечимдерди иштеп чыгуу чоң сыймык экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Оштогу Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу заманбап жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып жаткан долбоордун курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда төрт кабаттуу имараттын

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд жүргүзүү пландалууда

Келечекте Бишкек менен Оштун ортосунда 6-8 саатта жете турган ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, жаңы темир жол Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк алтернативдик жолдорундагы транспорт агымын азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолунун 1 чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү

Балыкчы – Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана эл аралык башка уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Президенттин тескемесине ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. 60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештинмурдагы төрагасы Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи