Бизнес маек
Биз туристтерге улуттук буюмдарды сатуу аркылуу атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдойбуз — Караколдогу сувенир дүкөнүн негиздеген Альбина Алимова
Каракол шаарында сувенир дүкөнүн ачып, туристтерди улуттук буюмдар аркылуу кыргыздардын маданияты, каада-салты менен тааныштырып, атамекендик кол өнөрчүлөргө кошумча киреше табууга жардам берип келген Альбина Алимова ИШКЕР MEDIA басылмасына кызыктуу маек куруп берди. — Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, кайсы жерде туулгансыз, кайсы жакта окудуңуз? — Мен Каракол шаарында туулганмын. Бул жерде билим