Көтөрүлгөн эмгек акылар үчүн эми жыл сайын бюджетке кошумча 51 млрд сом керек
Финансы министрлиги бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылгандыгына байланыштуу жыл сайын канча кошумча каражат керектигин билдирди. 2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча төмөнкү милдеттер коюлган: * 1-апрелден баштап социалдык чөйрөсүнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жана эмгек акынын түзүүнүн бирдиктүү моделин белгилөө максатында, ишке ашырылуучу чаралар