Быйыл күз-кыш мезгилин өткөрүүгө энергосекторго 15.6 млрд сом каралууда - 11 млрд сому берилди

Быйыл күз-кыш мезгилин өткөрүүгө энергосекторго 15.6 млрд сом каралууда - 11 млрд сому берилди

Энергетика тармагына жана 2022-жылдын күз-кыш мезгилин өткөрүүгө 15.6 млрд сом суммасында каражат каралып, анын ичинен бюджеттик каражаттан 11 млрд сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен:

  • “Кыргызтеплоэнерго” мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоо үчүн “Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” беренеси боюнча 1.4 млрд сом каралган. Бүгүнкү күндө ал сумма толугу менен бөлүнгөн. Ошону менен бирге «Кыргызтеплоэнерго» ААК жылуулук менен камсыздоо ишканаларынын жоготууларынын ордун толтуруу үчүн 165 млн сом суммасында кошумча каражат бөлүү маселеси каралууда.
  • Бийик тоолуу, алыскы аймактарда жашаган калкка электр энергиясына төлөө үчүн 50%дык жеңилдикти компенсациялоого 150 млн сом каралып, анын ичинен 148.7 млн сом бөлүнгөн.

Коммуналдык кызматтарга байланыштуу республикалык бюджеттен каржыланган чыгашаларга 2022-жылдын 31-ноябрына карата 3 млрд сом каралган, анын ичинен 1.7 млрд сому электр/жылуулук ресурстарына бөлүнгөн. Анын ичинен:

  • электр энергиясы үчүн төлөөгө – 1.4 млрд сом
  • жылуулук энергиясына төлөөгө – 265.4 млн сом
  • жаратылыш газын төлөөгө – 23.5 млн сом
  • республикалык бюджеттин бюджеттик мекемелерине көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 271 млн сом каралып, анын 237.3 млн сому бөлүнгөн.

Электр энергиясын импорттоого, отун сатып алууга, Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга, Бала-Саруу ГЭСин курууга 11.1 млрд сом бюджеттик кредит карларган. Бүгүнкү күндө анын 7.5 млрд сому бөлүнгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз