Эко-активист бийликтегилерге жок дегенде бир жолу Бишкекте коомдук транспорт менен жүрүп көрүүнү сунуштады

Эко-активист бийликтегилерге жок дегенде бир жолу Бишкекте коомдук транспорт менен жүрүп көрүүнү сунуштады

Эко-активист жана фотожурналист Влад Ушаков Бишкектеги транспорт көйгөйлөрүн айтып, бийликке жок дегенде бир жолу коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштады. Мындай сунушун ал Economist.kg уюштурган «Бишкек дагы түтүн каптаган кышка даярбы?» деген тегерек столдо айтты.

Анын пикиринде, ар кандай маселени чечүү үчүн саясий эрк керек. Бирок, биздин мамлекеттик кызматкерлер акча кылууну гана ойлошот.

«Жыйынтыгында, жок дегенде бак-дарактарды, гүлдөрдү отургузууга да акчабыз жок экен. Эми эстей турган болсок, ЕРӨБ бизге таштанды жайынын көйгөйүн чечүү үчүн 22 млн евро бөлгөн. Дегеле азыр абанын булганышы маселесин кандайдыр бир жол менен чечүүнүн бирден-бир жолу – борбор калаадагы күйүп жаткан таштандыларды өчүрүү. Бирок он жыл мурун кандай күйсө, дагы эле ошондой күйүп жатат», – деди Ушаков.

Ал ошондой эле бир нерсени өзгөрткүң келсе, өзүңдөн баштоо керектигин, ошондуктан ал өзүнүн жеке унаасын колдонуудан баш тартканын белгиледи.

«Бийликтегилер бир жолу коомдук транспортто жүрүп көрүшсүнчү. Көрүшсүн, маршруткалар кандай жык-жыйма болгонун, элдер кандай эзилип жүрүшкөнүн, аялдар менен балдар аба жетпей муунуп баратканын көрүшсүнчү. Мен мунун баарын күн сайын көрөм», – деди фотожурналист.

Жыйынтыгында, ал сырттан эбегейсиз чоң суммадагы акчалар берилип жатканын, бирок схемаларды куруп, карапайым элге жардам бербестен, акча тапкысы келген бийликке нааразы болду.

«Азыр экологиябыздын начардыгынан улам көптөгөн жаш балдар ар кандай ооруларга чалдыгышууда. Көрдүңүзбү, статистика боюнча төрөлгөн он баланын алтоосунун тубаса патологиясы бар. Ар бир алтынчы бала астма, бронхиалдык оорулар, аллергия менен төрөлөт. Мурда булар карылардын оорусу деп эсептелчү. Ар кандай экоцид геноцид менен коштолот», – деди Ушаков.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз