Кыргызстандын тышкы карызы өсүүдө - учурда 5 млрд 218 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы өсүүдө - учурда 5 млрд 218 млн долларга жетти

2022-жылдын 30-сентябрына карата КРнын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы + ички) 5 млрд 218 млн долларын (418 млрд 384 млн сом) түздү. 

Финансы министрлиги берген маалыматка таянсак, карыздар томөндөгүдөй:

  • 79.8% мамлекеттик тышкы карыз – 4 млрд 162 млн доллар (333 млрд 769 млн сом)
  • 20.2% мамлекеттик ички карыз – 1 млрд 28 млн доллар (84 млрд 615 млн сом). 

2022-жылдын январь-октябрь айларында КРнын мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы + ички) республикалык бюджеттен иш жүзүндө 28 млрд 854 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.

Алар:

  • мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 19 млр 511 млн сом
  • мамлекеттик ички карыз боюнча – 9 млрд 343 млн.

Улутсаткомдун берген маалыматын карасак, Кыргызстандын тышкы карызы беш жыл катары менен көбөйүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 5 млрд 150 млн долларды (436 млрд 587 млн сом) түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз