Көтөрүлгөн эмгек акылар үчүн эми жыл сайын бюджетке кошумча 51 млрд сом керек

Көтөрүлгөн эмгек акылар үчүн эми жыл сайын бюджетке кошумча 51 млрд сом керек

Финансы министрлиги бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылгандыгына байланыштуу жыл сайын канча кошумча каражат керектигин билдирди.

2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча төмөнкү милдеттер коюлган:

  • 1-апрелден баштап социалдык чөйрөсүнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жана эмгек акынын түзүүнүн бирдиктүү моделин белгилөө максатында, ишке ашырылуучу чаралар эмгек акыны орточо 50 %дан 100%га чейин жогорулатуу менен, социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары менен эмгек акынын орточо деңгээлин теӊөөгө багытталган. 9 айга кошумча керектөөчү каражат 26 млрд сом түзүп, ал эми бир жылга 34.2 млрд.сом талап кылынат.
  • 1 августтан тартып мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларга, мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерге, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелерин тейлөөчү техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга, күч блогунун бош жалданган жана жарандык персоналына эмгек акысын жогорулап, кошумча керектөөчү каражат бир жылга 16.8 млрд сом талап кылынат.

Ошондой эле 2022-жылдын 1-октябрынан тартып КРнын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акынын фондунун 80%га чейин жогорулатуу каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз