Кыргызстан Түштүк Кореянын экспорттук-импорттук банкы менен кызматташат
Кыргызстан Түштүк Кореянын экспорттук-импорттук банкы (Эксимбанк) менен кызматташат. Бул тууралуу 23-октябрда Сеул шаарында КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кореянын Эксимбанкынын Вице-президенти Пак Жонг-Кю менен жолугушуу учурунда белгилүү болду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо, айыл чарба, суу менен камсыздоо жана транспорт инфраструктурасы тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашыруу маселелерин