7 миңден ашуун россиялыктар КРнын жарандыгын алууга арыз берди - депутат жарандык берүүгө каршы

7 миңден ашуун россиялыктар КРнын жарандыгын алууга арыз берди - депутат жарандык берүүгө каршы

Жыл башынан бери тогуз айда 7.2 миңге жакын россиялык жаран КРнын жарандыгын алуу үчүн кайрылган. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул убакыт аралыгында өлкөгө 192 миң россиялык келген. Алардын ичинен 603 адам КРнын жарандыгын алса, 7.2 миңи арыз берген.

Талкууда депутаттар РФда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин Кыргызстанга келген россиялыктарга качкын макамын берүүнү сунушташты. Депутат Тазабек Икрамов аларга жарандык берүүгө каршы чыкты.

«Террордук аракеттер болуп жатат дүйнөдө, анан аны уюштургандардын кээ бири КРнын жараны болуп чыгып жатат. Мамлекеттин паспортун саткандан, кимге болсо да бергенден уялышмак. Жарандыкты качып келгендерге эмес, КРга ири инвестиция тартып жаткандарга беришибиз керек», – деди Икрамов.

Мындан тышкары окуңуз

“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

Бишкек шаарында жаңыланган «Ак-Кеме» мейманканасынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган коноктор катышты. Анын жүрүшүндө өлкө башчы мейманкана Акаевдин заманында түркиялык ишкерлер тарабынан курулгандыгын, кийин мамлекет объектини мыйзамсыз тартып алгандыктан, ишкер Нью-Йорктогу сотко кайрылып, Кыргызстанды 16,5 млн доллар доого жыккандыгын билдирди. Садыр

Ак-Талаада дарактардын үрөнү жыйналып, сапатына жараша иргелет

Ак-Талаада дарактардын үрөнү жыйналып, сапатына жараша иргелет

Ак-Талаа токой чарбасында көчөт өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү үчүн ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, адистер жетилген дарактардан уруктарды чогултуп, аларды сапатына жараша иргеп, сактоого даярдашууда. Жыйналган уруктар кийинки мезгилде көчөтканаларда көчөт өстүрүүгө, ошондой эле токойлорду калыбына келтирүү иштерине пайдаланылат. Белгиленгендей, уруктарды

Ысык-Көл менен Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өттү

Ысык-Көл менен Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өттү

Ысык-Көл жана Токтогул суу сактагычында жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө жалпы узундугу 550 метрге жакын синтетикалык балык уулоочу тор суудан чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Ысык-Көл акваториясында инспекторлор узундугу болжол менен 400 метрди түзгөн төрт эски синтетикалык балык уулоочу торду алып чыгышкан. Ушундай эле

Казакстанда Курултайга шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Казакстанда Курултайга шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 23-августта өткөн Курултайга биринчи шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Алдын ала эсеп боюнча беш партия жаңы парламентке өттү. Казакстандын басылмалары жарыялаган маалыматтарга таянсак, эң көп добушту “Адилет” партиясы - 71,17% алды. Андан кийинки орундарда “Ауыл” - 6,26%, Республика - 5,56%, “Ак жол” - 5,21% жана