«Манас» аэропортунда жаңы Duty Free дүкөнү ачылды

«Манас» аэропортунда жаңы Duty Free дүкөнү ачылды

«Манас» аэропортунда жаңы Duty Free дүкөнү ачылды. Бул тууралуу «МЭА» ААК билдирди.

Жаңы Duty Free дүкөндөрүндө Tom Ford, Chanel, Swarovski жана башка белгилүү брендтердин «товарлары» сатылууда.

Ал эми дагы бир жаңы ачылган Buy&Fly Kyrgyzstan дүкөнүнөн жүргүнчүлөр эксклюзивдүү парфюмерия, косметика, ошондой эле, кондитердик жана тамеки азыктарын, алкоголдук ичимдиктерди жеткиликтүү баада сатып ала алышат.

“Төлөмдөрдү накталай жана накталай эмес формада ишке ашыруу мүмкүн. Төлөм рубль, доллар, евро, андан тышкары банк карталарынын бардык негизги түрлөрү аркылуу кабыл алынат”, – деп билдирди башкы аэропорттун маалымат кызматы.

Жалпы аянты 506 чарчы метрди түзгөн 2 дүкөндү Helios Duty Free компаниясы ачкан. Алар учуруу залында – аэропорттун 2-чи жана 3-кабатында жайгашкан. Иштөө убактысы: 24/7.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги "Дельфин" бассейни реконструкцияга даярдалууда

Бишкектеги "Дельфин" бассейни реконструкцияга даярдалууда

Бишкек шаарындагы "Дельфин" бассейнинин имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү Жаш Гвардия бульварында жайгашкан имараттын учурдагы техникалык абалын аныктоо жана реконструкция иштерине байланыштуу жүргүзүлдү. Адистер объекттин техникалык документтерин карап чыгып, имараттын конструкцияларына комплекстүү инженердик талдоо жүргүзүштү. Текшерүүнүн

ИИМ: Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 миң сом берилет деген маалымат жалган

ИИМ: Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 миң сом берилет деген маалымат жалган

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун атынан Эгемендүүлүк күнүнө карата жарандарга 5 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөм берилери тууралуу жалган маалымат таралууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жасалма жарыяда жарандарга атайын шилтеме аркылуу каттоодон өтүп, төлөм алуу сунушталууда. ИИМ мындай шилтемелерге кирбөөгө, жеке маалыматтарды, банктык реквизиттерди

25-августта Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт

25-августта Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт

25-августта Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда электр тармактарын оңдоо жана жаңылоо иштерине байланыштуу айрым жерлерде жарык убактылуу өчүрүлөт. Бишкек электр тармактар ишканасынын маалыматына ылайык, иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана авариялык өчүүлөрдү алдын алуу максатында жүргүзүлөт. Бишкек шаарында төмөнкү аймактарда: - 09:30–17:00 — Чүй проспектиси, №45, 47,

Кадамжайдагы заводдо бетон аралашмаларынын сапаты текшерилди

Кадамжайдагы заводдо бетон аралашмаларынын сапаты текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында жайгашкан бетон заводунда сертификаттоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү учурунда адистер өндүрүш процессин карап чыгып, чыгарылып жаткан бетон аралашмаларынын техникалык талаптарга жана ченемдик документтерге шайкештигин баалашты. Ошондой эле лабораториялык сыноо үчүн бетон кубиктеринин үлгүлөрү