акыркы жаңылыктар

Аэропорттун тегереги жана Баткен шаарындагы кээ бир имараттар күйүп жатат

Аэропорттун тегереги жана Баткен шаарындагы кээ бир имараттар күйүп жатат

Баткен аэропортунун айланасы жана шаардын четиндеги объектилер куйүп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Баткен шаарындагы жарандык инфраструктуралык объектилер өрттөнүүдө. Белгилей кетсек, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда. Чек ара кызматы эртең менен Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын тажик тарап

Баткен: ӨКМ убактылуу пунктарда жарандарды биринчи керектелүүчү азыктар менен камсыздап жатат

Баткен: ӨКМ убактылуу пунктарда жарандарды биринчи керектелүүчү азыктар менен камсыздап жатат

Бүгүн саат 13:00гө карата Баткен облусунда учурда жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эвакуацияланып, убактылуу пункттарына жайгаштырылгандар жууркан-төшөктөр менен камсыз болууда. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди. Ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан ысык тамак-аш уюштурулуп жатат. Жеринде КР ӨКМ кызматкерлери менен кошо Жарандык коргонуу кызматтары, анын ичинде медицина кызматкерлеринен түзүлгөн бригадалар

Баткен: кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан дагы 13 киши ооруканага түштү - жалпы 31 адам

Баткен: кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан дагы 13 киши ооруканага түштү - жалпы 31 адам

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан дагы 13 киши жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги саат 13:00гө карата билдирди. “Баткен облустук бириккен ооруканасына жалпы ар кандай жаракат алган 31 жабырлануучу жаткырылды. Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерек берилет”, – деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле министрлик ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү

Спорт ордосунун имаратында Баткендин тургундары үчүн гуманитардык жардамды кабыл алуу пункту ачылды

Спорт ордосунун имаратында Баткендин тургундары үчүн гуманитардык жардамды кабыл алуу пункту ачылды

Спорт ордосунун имаратында Баткен облусунун тургундары үчүн гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункту ачылды. Гуманитардык жардамды чогултуу, даярдоо жана жөнөтүү пункту Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүүнү каалаган мекеме-уюмдардын жана жеке адамдардын көптөгөн кайрылууларына байланыштуу ачылган. Каалоочулар Спорт ордосунун имаратында ачылган гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктуна кайрылса болот. Гуманитардык жардам катары жөнөтүү

Баткен облусунда эвакуацияга кайсы жолдор ачык, кайсылар жабык?

Баткен облусунда эвакуацияга кайсы жолдор ачык, кайсылар жабык?

КРнын Транспорт министрлиги Баткен облусунда саат 11.00гө карата кайсы жолдор ачык, кайсылар жабык экендиги тууралуу маалымат берди. Берилген маалыматка ылайык, жабылган жолдор: * Баткен облусунун Ош – Баткен – Исфана унаа жолунун 216.5 км (Развилка Чоң-Талаа) * 265 км (Кара айыл бөлүгү) * 272 км (Төрт-Көчө бөлугү) * Баткен-Кара-Бак, * Баткен-Кызыл-Бел унаа жолдору * Лейлек районунун

Баткен: КР Тажикстандын ТИМине нааразылык нотасын тапшырды

Баткен: КР Тажикстандын ТИМине нааразылык нотасын тапшырды

Бүгүн, 16-сентябрда тажик тараптын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттерине байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. Анда Тажикстан мурда жетишилген келишимдерди бузуу менен, чек арага алдын ала аскерлерин жайгаштырып, куралдуу күчтөрүн, оор аскер техникаларын колдонуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри

Улуттук банк алтын куймаларын КФБнын соода аянтында сатыкка чыгарганын расмий билдирди

Улуттук банк алтын куймаларын КФБнын соода аянтында сатыкка чыгарганын расмий билдирди

КРнын Улуттук банкы Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) менен биргеликте 1, 2, 5, 10, 31,1035 г (1 трой унциясы) жана 100 г салмактагы өлчөнгөн алтын куймаларды «КФБ» ЖАКтын соода аянтында сатууну баштаганын кабарлады.   Маалыматка таянсак, алтындарды биржада сатыкка чыгаруу КРнын ички рыногунда баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү, анын ичинде зергерчилик тармагын

Жыл аягына чейин Кореяга дагы 1 миңден ашык жаранды миграцияга жөнөтүү каралууда

Жыл аягына чейин Кореяга дагы 1 миңден ашык жаранды миграцияга жөнөтүү каралууда

Жылдын аягына чейин Корея республикасына 1 миңден ашык жаранды жиберүү аракеттери көрүлүп жатат. Акыркы 6 жылда мындай көрсөткүч боло элек. Бул тууралуу Эмгек, соцкамсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Аталган министрлик бул жылы Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору Кореяда жарандарды иш менен камсыз кылуу иштерин күчөтүп, кореялык жумуш берүүчүлөрдүн арасында

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы директору Канат Курмановго издөө жарыялады

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы директору Канат Курмановго издөө жарыялады

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирди. Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан “Кумтор Голд Компани” ЖАКдагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, аталган коомдун мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси

Кыргыз-Беларусь бизнес форумунда 900 миң долларлык ондон ашык келишимге кол коюлду

Кыргыз-Беларусь бизнес форумунда 900 миң долларлык ондон ашык келишимге кол коюлду

Кыргыз-Беларусь бизнес форумунда 900 миң долларлык ондон ашык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, форум соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь комиссиясынын 10-жыйынынын алкагында өттү. КРдан делегацияны минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Беларусь тараптан премьер-министрдин орун басары Анатолий Сивак жетектешти. Форумга кыргыз тараптан

Баткенде кырдаал курч бойдон турат

Баткенде кырдаал курч бойдон турат

Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди. Маалыматка караганда, саат 7:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон калууда. Эртең менен 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз аймактарындагы чек ара отрядын жана кыргыз

Сауд Арабиялык Flynas авиакомпаниясы Кыргызстанга үзгүлтүксүз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн карайт

Сауд Арабиялык Flynas авиакомпаниясы Кыргызстанга үзгүлтүксүз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн карайт

Сауд Арабиянын авиа компанияларынын бири Flynas – Кыргызстанга үзгүлтүксүз авиа каттам ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгат. Бул тууралуу КРнын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, аталган компания жакынкы күндөрдө КРнын рыногун көрүп чыгуу үчүн атайын делегация жиберет. Бул тууралуу Марипов Flynas ишканасынын директорунун орун басары Аль-Моханна менен жолугушуу учурунда макулдашкан.