«Айыл банк» менен «РСК банктын» уставдык капиталдары 17 млрд сомго толукталат
Финансы министрлиги «Айыл банк» менен «РСК банктын» уставдык капиталдарын жогорулатуу үчүн 17 млрд сом бөлүп берет. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы эскертти.
Такталгандай, каражаттар «Агроөнөр жай комплексин кредитөө» долбоорунун алкагында бөлүнөт. Анын ичинде: «Айыл банк» ААКга 11.1 млрд сом жана «РСК банк» ААКга 5.9 млрд сом.
Азыркы тапта «Айыл банк» менен «РСК банкка» 10.3 млрд сом которулду. 2023-жылдын 25-майына карата 3 543.4 млн сом өлчөмүндө 3 273 жеңилдетилген кредиттер берилди.