акыркы жаңылыктар

Төө-Ашууда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Транспорт

Төө-Ашууда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бүгүн Төө-Ашуу ашуусунун 132, 133 жана 136-чакырымдарында кар көчкүнү атайлап түшүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чаранын алкагында №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, кызматкерлер ыкчам аракет көрүүгө даярдыкта турушат. Кар көчкүнү түшүрүү иштерине байланыштуу саат 09:00дөн тартып Бишкек–Ош унаа

Россияда мигранттардын кирешеси, салыгы тууралуу маалыматтар текшерилип турат

Экономика

Россияда мигранттардын кирешеси, салыгы тууралуу маалыматтар текшерилип турат

Россия премьер-министри Михаил Мишустин Мамлекеттик Думада өткөн жылдагы ишмердүүлүк боюнча отчет берип жатып, негизги жетишкендиктердин бири катары мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдүн реестри түзүлгөнүн билдиргенин "Азаттык" жазды. Аталган базага болжол менен 840 миң адам киргизилген. Аларга машине айдоо, никеге туруу жана банк кызматтарынан пайдалануу сыяктуу бир катар чектөөлөр киргизилген.

Кыргызстан космостук технологияларды киргизүүгө 100 миң сом бөлөт

Экономика

Кыргызстан космостук технологияларды киргизүүгө 100 миң сом бөлөт

МинКаб 100% мамлекеттик катышуу менен "Кыргыз спутник" аттуу ачык акционердик коомду түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Чечим экологиялык мониторинг жүргүзүү, жер ресурстарын эсепке алуу, климаттык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө, стратегиялык мааниге ээ минералдарды издөө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн заманбап космостук технологияларды киргизүүгө багытталган. Документке ылайык, коомдун уставдык капиталы

Быйыл Баткен облусунда 54,6 миң акылдуу эсептегич орнотулат

Энергетика

Быйыл Баткен облусунда 54,6 миң акылдуу эсептегич орнотулат

Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын жана электр энергиясын жеткирүү системасын автоматташтыруу саясатынын алкагында, 2026-жылы Баткен облусунда 54 587 даана АСКУЭ акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Орнотуу иштери Баткен электр тармактары ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Райондор боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүчө: * Кызыл-Кыя РЭТ – 10 150 даана * Кадамжай РЭТ – 14 530

Жапонияда билим алган 300дөн ашуун адис: JDS программасынын натыйжасы

Бийлик

Жапонияда билим алган 300дөн ашуун адис: JDS программасынын натыйжасы

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жапониянын адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча гранттык стипендиялык программасынын (JDS) Кыргыз Республикасында ишке ашырылышынын 20 жылдыгына арналган форумга катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал Министрлер Кабинети адам капиталын өнүктүрүүнү өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиялык приоритети катары караарын белгилеп, JDS программасын кеңейтүүгө жана жаш мамлекеттик

Бишкекте автобустардын техникалык жана санитардык абалы текшерилди

Коом

Бишкекте автобустардын техникалык жана санитардык абалы текшерилди

Күн мурун Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти "Бишкек шаардык транспорт" ишканасына караштуу автобустардын эртең мененки каттамдарга чыгар алдындагы техникалык жана санитардык абалын текшерди. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, текшерүүдө айрым автобустардын техникалык мүчүлүштүктөрү аныкталып, линияга чыгууга тыюу салынды. Тышкы көрүнүшү жана тазалыгы талапка жооп бербеген автобустарды

Улуттук банк валюта рыногуна ири интервенция менен чыкты

Банктар

Улуттук банк валюта рыногуна ири интервенция менен чыкты

26-февралда Улуттук банк 2026-жылдагы эң ири валюталык интервенциясын жүргүзүп, сомдун алмашуу курсун турукташтыруу үчүн рынокто 162,55 млн $ сатты. Улуттук банктын расмий маалыматына ылайык, бул сумманын негизги бөлүгү — 131,7 млн $ бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен сатылган. Мындан сырткары 30,85 млн $ бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен сатылды.

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кызыктуулар

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда бир заматта 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкканын South China Morning Post жазды. Жаңы ыкма Цинхуа университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Ал салттуу катмар-катмар басып чыгаруу ыкмасына эмес, таптакыр жаңы — голографиялык проекция технологиясына негизделген. Бул система тунук идишке жайгаштырылган басып чыгаруу материалын көз ирмемде катуу түзүлүшкө айлантат. Миллиметр өлчөмүндөгү үч

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Энергетика

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Ташкентте шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылган Борбор Азия үчүн Суу-энергетика программасы — CAWEP менен "Энергия" координациялык-диспетчердик борборунун ортосунда 3,2 млн доллар өлчөмүндө гранттык келишимге кол коюлду. Каражат Борбор Азияда регионалдык электр энергия рыногун түзүү боюнча баштапкы иштерди колдоого багытталат. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк 2026-жылдын январь айында жактырган "

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Коом

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга 10 млн сум (817 доллар) өлчөмүндө акчалай сыйлык берилерин өлкө президенти жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет. Демилгеге ылайык, эң көп жана сапаттуу китеп окуган окуучулар

Мамлекеттик авто мектептерде окуу баасы 19 миң сом болот

Транспорт

Мамлекеттик авто мектептерде окуу баасы 19 миң сом болот

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор мамлекеттик авто мектептерде окуу качан башталарын түшүндүрдү. Буга чейин Kaktus.media жарандар дээрлик бир ай мурда мамлекеттик авто мектепке онлайн катталып, сайт аркылуу арыз ташташканын, бирок окуу али баштала электигин билдиришкен. Мекеменин маалыматына ылайык, окуу март айында башталат. Учурда курсанттарды кабыл

Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы 53 млн сомдук метамфетамин кармады

Коом

Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы 53 млн сомдук метамфетамин кармады

Метамфетамин деп аталган синтетикалык баңгизатын ташуучу каналдын жана трансулуттук кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлганын ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы кабарлады. Аталган мекеменин кызматкерлери УКМК жана коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишин токтотууга багытталган атайын операция жүргүзүшкөн. Натыйжада жасалма баңгизаттарды ташуучу