Кыргызстан космостук технологияларды киргизүүгө 100 миң сом бөлөт

Кыргызстан космостук технологияларды киргизүүгө 100 миң сом бөлөт

МинКаб 100% мамлекеттик катышуу менен "Кыргыз спутник" аттуу ачык акционердик коомду түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Чечим экологиялык мониторинг жүргүзүү, жер ресурстарын эсепке алуу, климаттык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө, стратегиялык мааниге ээ минералдарды издөө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн заманбап космостук технологияларды киргизүүгө багытталган.

Документке ылайык, коомдун уставдык капиталы 100 миң сомду түзөт. Ал ар бири 1 миң сом номиналдык баадагы 100 даана жөнөкөй аталыштагы акцияларды чыгаруу жолу менен түзүлөт. Мамлекеттин атынан негиздөөчү жана жалгыз акционер болуп Айыл чарба министрлиги аныкталды.

Министрликке жаңы акционердик коомду мамлекеттик каттоодон өткөрүү, акциялардын чыгарылышын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына каттатуу, ошондой эле уставын иштеп чыгып бекитүү тапшырылды. Ошондой эле токтомдон келип чыккан башка чараларды жүзөгө ашыруу милдети жүктөлдү.

Каракол мэриясына министрлик менен биргеликте "Кыргыз спутник" имаратын куруу үчүн жер тилкесин коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө шарты менен акысыз пайдаланууга берүү сунушталды.

Финансы министрлиги уставдык капиталды түзүүгө 100 миң сом бөлөт жана 2026–2028-жылдарга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү эске алат.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media