Бишкекте автобустардын техникалык жана санитардык абалы текшерилди

Бишкекте автобустардын техникалык жана санитардык абалы текшерилди

Күн мурун Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти "Бишкек шаардык транспорт" ишканасына караштуу автобустардын эртең мененки каттамдарга чыгар алдындагы техникалык жана санитардык абалын текшерди.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, текшерүүдө айрым автобустардын техникалык мүчүлүштүктөрү аныкталып, линияга чыгууга тыюу салынды. Тышкы көрүнүшү жана тазалыгы талапка жооп бербеген автобустарды кайра жууп-тазалоо тапшырмасы берилди.

Талаптагыдай көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн айрым механиктерге эскертүү берилип, колоннанын механигине сөгүш жарыяланды.

Жүргүнчүлөрдөн автобустардын ичинде тазалыкты сактоону жана таштанды калтырбоону өтүнөбүз.

Мындан тышкары окуңуз

Мал чарбачылыгындагы өндүрүмдүүлүктү кантип жогорулатабыз?

Мал чарбачылыгындагы өндүрүмдүүлүктү кантип жогорулатабыз?

Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунда мал чарбасындагы кайра өндүрүү биотехнологияларын өнүктүрүүгө арналган тегерек стол өттү. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасында мал чарба тармагында колдонулуп жаткан заманбап ыкмалар, анын ичинде жасалма уруктандыруу жана эмбриондорду трансплантациялоо технологиялары талкууланды. Катышуучулар тармакты мындан ары өнүктүрүү, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана эл аралык тажрыйбаны кеңири колдонуу

Ички дүң продукция 10% га көбөйгөнү айтылды

Ички дүң продукция 10% га көбөйгөнү айтылды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, делегациянын Вашингтон шаарына жасаган иш сапарынын жыйынтыгы, ошондой эле жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү каралды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен маалымдашты. Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында 2026-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономик

Red Petroleum компаниясынын жетекчиси СИЗОдон бошотулду

Red Petroleum компаниясынын жетекчиси СИЗОдон бошотулду

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Red Petroleum май куюучу жайлар тармагынын башкы директору Акылбек Маматовго карата бөгөт чарасын өзгөрткөнүн соттун басма сөз кызматы билдирди. Чечим 17-апрелде тергөөнүн өтүнүчүнүн негизинде кабыл алынган. Сот аны камактан бошотуп, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат түрүндөгү бөгөт чарасын колдонду. Акылбек Маматов КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-337-беренесинин

Кайталап мыйзам бузган импорттоочуларга жазалар кандай?

Кайталап мыйзам бузган импорттоочуларга жазалар кандай?

Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып кирүүдө кайталап мыйзам бузуу болгон учурда чектөө чаралары колдонуларын салык төлөөчүлөргө эскерткенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, эгер календардык жыл ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагынан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өтүүгө байланыштуу үч жолу мыйзам