Мигранттар которгон акча февраль айында көбөйгөн, бирок былтыркыга салыштырмалуу бир топ аз
Быйылкы жылдын февраль айында мигранттар Кыргызстанга $151.4 млн которгон. Жыл башына салыштырмалуу мигранттардан түшкөн каражаттын агымы көбөйгөн. Ал эми өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу олуттуу азайган. Мындай корутунду Улуттук банктын сайтында жарыяланган маалыматтарга негизделген. Ошентип, бул жылдын январь айына салыштырмалуу мигранттар Кыргызстанга дээрлик 3.5% га көп акча которгон.