Эмгек министрлиги жарандарды Венгрияга жумушка жөнөтүүгө кызыкдар

Эмгек министрлиги жарандарды Венгрияга жумушка жөнөтүүгө кызыкдар

Эмгек министрлиги кыргызстандыктарды Венгрияга иштөөгө жөнөтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу эмгек министри Кудайберген Базарбаев 3-апрелде Венгриянын Кыргызстандагы атайын элчиси Шандор Дороги менен жолугушууда билдирди, деп маалымдайт мекеменин маалымат кызматы.

Элчинин айтымында, Венгрияда жумушчу күч жетишпейт жана дээрлик 100 миң бош жумуш оруну бар. Багыттар ар түрдүү: курулуш чөйрөсү, медицина, өнөр жай ишканалары.

Шандор Дороги Базарбаевге Будапештте өтө турган венгер-кыргыз форуму тууралуу да айта кетти. Анда эки өлкөнүн бизнес жана саясий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашмакчы.

Венгрияда ишке орноштуруу эмгек жана миграция чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтет жана бекемдейт, ошондой эле тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө кеңири жана эркин маалымат алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

«Эмгек министрлиги эмгек рыногун диверсификациялоо боюнча активдүү иш алып барууда. Кыргызстандыктар Перс булуңунун өлкөлөрүндө, Кореяда, Улуу Британияда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө мыйзамдуу түрдө жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду», — деди Базарбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл