акыркы жаңылыктар

Финансы министри кандай айлык аларын айтты

Финансы министри кандай айлык аларын айтты

Финансы министри Алмаз Бакетаев Economist.kg-ге айлык маянасы тууралуу айтып берди. * Алмаз Бакетаев менен болгон маекти толугу менен бул жерден окуңуз: Кыргызстандын тышкы карызы, маяна, салык маселеси — Финансы министри менен кенен маек Министрдин айтымында, анын айлыгы 42 миң сомду түзөт. Ал төлөмдөр жана жөлөкпулдар системасы жөнгө келтирилгенин айтты, болбосо мурда

Жети жыл ичинде дыйкан жана малчыларга 51 млрд сом жеңилдетилген кредиттер берилди

Жети жыл ичинде дыйкан жана малчыларга 51 млрд сом жеңилдетилген кредиттер берилди

“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорлору ишке ашырыла баштагандан бери 120 миң чарба субъектисине жалпысынан 51 млрд сом кредит берилген. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Каражат төмөнкү тармактарга бөлүнгөнү айтылган: * мал чарбасы – 95.7 миң субъект. Насыянын суммасы – 32.9 млрд сом, бул жалпы сумманын 65%ын түзөт * дыйканчылык

Караколдо чоң маданий борбор куруу пландалып жатат - эскиздердин сүрөттөрү

Караколдо чоң маданий борбор куруу пландалып жатат - эскиздердин сүрөттөрү

Караколдо маданият борборун куруу пландалууда. Демилге президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановго таандык. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, объект 2 миң адамга ылайыкташкан. Аны Карасаев көчөсүндөгү 4 гектар жерге куруу пландалууда. Бирок болжолдонуп жаткан курулуштун баасы жана мөөнөтү айтылган эмес. «Имаратта маданий жана спорттук

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары беш документке кол коюшту

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары беш документке кол коюшту

Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү үчүн достук, коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Документ Чолпон-Ата шаарында өткөн региондун мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынганын президенттин маалымат кызматы билдирди. «Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндө ички

Соодага тоскоолдук - Садыр Жапаров кесиптештерин чек араларда жүк өткөрүүнү негизсиз кечеңдеткенди токтотууга чакырды

Соодага тоскоолдук - Садыр Жапаров кесиптештерин чек араларда жүк өткөрүүнү негизсиз кечеңдеткенди токтотууга чакырды

Темир жол жана автомобиль коридорлорун өнүктүрүү Борбор Азияда Жибек Жолунан кем эмес соода жолдорунун кесилишин түзө алат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда президент Садыр Жапаров билдирди, деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы. Жапаров белгилегендей, дүйнөлүк экономиканын «салмак борбору» Азияга карай жылып,

Кыргызстан Казакстанга сугат үчүн Чүй жана Талас дарыяларынан 330 млн кубометр суу коё берет

Кыргызстан Казакстанга сугат үчүн Чүй жана Талас дарыяларынан 330 млн кубометр суу коё берет

Казакстан быйыл Кыргызстандан Чүй жана Талас транс чек аралык дарыялары аркылуу 330 млн метр куб суу алат. Бул тууралуу Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев Чолпон-Атада Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда билдирди, деп маалымдайт 24.kg. Казак министринин айтымында, Кыргызстандан агып келген сууну дыйкандар

«Кыргызалкопром» президенттен алкоголдук продукцияны өндүрүүнү монополиялаштыруу боюнча жарлыкты кийинкиге калтырууну суранды

«Кыргызалкопром» президенттен алкоголдук продукцияны өндүрүүнү монополиялаштыруу боюнча жарлыкты кийинкиге калтырууну суранды

“Кыргызалкопром” ассоциациясы өлкөдө этил спиртин өндүрүүнү жана анын жүгүртүүсүн монополиялаштыруу боюнча жарлыктын аткарылышын кийинкиге калтыруу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго жана министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго ачык кат менен кайрылды. Ассоциация кырдаалды жакшылап изилдөө үчүн ар кыл тармактын өкүлдөрүн жана бизнес чөйрөсүн тартып, жумушчу топ түзүүнү суранат. «Жарлык күчүнө киргенден

Казакстандын президенти «Камбар-Ата-1» ГЭСин биргелешип курууну колдоду

Казакстандын президенти «Камбар-Ата-1» ГЭСин биргелешип курууну колдоду

Казакстан Борбордук Азияда транс чек аралык дарыялардын сууларын чогуу пайдалануу үчүн биргелешкен гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди. Мындай пикирин Казакстандын башчысы бүгүн, 21-июлда, Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда айтты, деп билдирет 24.kg. Белгилей кетсек, ага

«Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин 2022-жылга карата бюджети 265 млн долларды түзөт

«Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин 2022-жылга карата бюджети 265 млн долларды түзөт

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингинин 2022-жылга карата бюджети 265 млн долларды түзөт, деп билдирди финансы министри Алмаз Бакетаев Economist.kg-ге берген маегинде. Алмаз Бакетаев менен болгон маекти толугу менен бул жерден окуңуз: Кыргызстандын тышкы карызы, маяна, салык маселеси — Финансы министри менен кенен маек «Холдинг быйылкы жылдын бюджетин көрсөтүп, жактаган. Бул

Казакстан буудай менен унду экспорттоого квота киргизди – бул күз-кыш айларында биздеги инфляцияны тездетиши мүмкүн

Казакстан буудай менен унду экспорттоого квота киргизди – бул күз-кыш айларында биздеги инфляцияны тездетиши мүмкүн

Июнь айында Кыргызстанда инфляциянын жылдык мааниси 13%га чейин төмөндөгөн. Бир ай мурун бул көрсөткүч 14%ды түзгөн. Анткен менен Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери күз-кыш айларында инфляция тездеши мүмкүн экенин айтышууда. Июнь айында жылдык инфляциянын басаңдашы статистикалык фактордун таасири менен шартталган. «Былтыр азык-түлүк бааларынын өсүшү эң жогорку көрсөткүчкө жакындаган. 2022-жылдын

Чек арадагы тыгындар - кайсыл убакта эл көп болорун чек ара кызматы билдирет

Чек арадагы тыгындар - кайсыл убакта эл көп болорун чек ара кызматы билдирет

COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдүн алынып салынышына, туристтик сезондун башталышына жана айыл чарба продукциясын экспорттоонун көбөйүшүнө байланыштуу айрым өткөрүү пункттарында жүргүнчүлөрдүн да, жүк ташуунун да агымы көбөйүшү байкалууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. * Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде “Ак-Жол”, “Кең-Булуң” жана “Токмок” өткөрүү пункттарында дем алыш күндөрү эртең

Бүгүн Чолпон-Атада Борбордук Азия мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусу өтөт

Бүгүн Чолпон-Атада Борбордук Азия мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусу өтөт

Бүгүн, 21-июлда, Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтөт, ага региондогу өлкөлөрдүн бардык президенттери: Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышат. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушуунун алкагында документтердин олуттуу пакети даярдалды. Кыргызстандын башчысынын администрациясы да бул иш-чара Борбор Азия