
Бизнес
Ысык-Көлдө агробизнес боюнча эл аралык саммит өтөт
27-29-августта Ысык-Көлдө "Борбор Азиядагы Агробизнес: Интеграция. Модернизация. Ийгилик" аттуу эл аралык саммит өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Берилген маалыматка таянсак, иш-чарада пленардык сессия, тематикалык бөлүмдөр жана мастер-класстарда каржылоо моделдери, дан, картошка, сүт жана эт бизнесин өнүктүрүү стратегиялары, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү технологиялары сыяктуу темалар