ЕӨБ жыл аягында Кыргызстанда инфляция 7.1%га жетет деп болжолдоду

ЕӨБ жыл аягында Кыргызстанда инфляция 7.1%га жетет деп болжолдоду

Евразия өнүктүрүү банкы жылдын аягында Кыргызстанда керектөө бааларынын 7.1% деңгээлинде өсүшүн болжолдоодо. Мындай маалымат ЭӨБдүн аналитиктеринин жумалык макроэкономикалык баяндамасында айтылат.

ЕӨБдүн эксперттери керектөө бааларынын өсүшүнүн төмөндөшүн өлкөгө сырттан таасир берген баалардын басымынын басаңдашы менен байланыштырат.

Өнүктүрүү институтунун талдоочулары Кыргызстанда быйыл июль айында инфляция 10.3% деңгээлинде басаңдаганын белгилешүүдө. Июнь айында бул көрсөткүч 10.5% деңгээлинде болгон эле.

Ошол эле учурда инфляциянын тезирээк басаңдашына реалдуу эмгек акынын жана керектөө кредиттеринин тез өсүшү менен шартталган күчтүү ички керектөө суроо-талаптары тоскоол болууда. Бирок ЕӨБ жыл башынан бери өлкөдө акча-кредиттик шарттар катаалдагандыгын жана эмгек акынын реалдуу өсүшү төмөндөө тенденциясына ээ экенин белгилейт.

Буга байланыштуу талдоочулар керектөөдөн келип чыгуучу инфляциялык тобокелдиктер инфляциянын динамикасынын кайра өзгөрүшүнө азырынча коркунуч туудурбайт деп эсептешет. Натыйжада, быйылкы жылдын аягында керектөө бааларынын индексинин өсүшү 7.1%ды түзөрү болжолдонууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кант кызылчасы Кыргызстанда 85,9% жыйналды

Кант кызылчасы Кыргызстанда 85,9% жыйналды

Кыргызстанда учурда кант кызылчасы 85,9 пайыз жыйналып, 431,7 миң тонна продукция алынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирген.  Анын айтымында, республика боюнча быйыл кант кызылчасы 13 миң 400 гектар жерге

Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таластын Манас районундагы Арал айылынын Кайыңды карьеринен алынган таштар жергиликтүү ишкер Азат Кушубековдун ишканасында кайра иштетилип, курулуш материалдары чыгарылып жатканын УТРК тартып көрсөттү.  Ишкердин айтымында таштар алгач чоң-чоң көлөмдө ташылып келип, 2-3 сантиметр калыңдыкта тилинет. Андан соң ал күйгүзүлүп, жылмаланып 90Х80 жана 60Х30 өлчөмүндө кесилет.  Ишканасы ээсинин айтымында, кайра иштетилген

Аксыда 275 орундуу жаңы мектеп курула баштады

Аксыда 275 орундуу жаңы мектеп курула баштады

Аксы районуна караштуу Кербен шаарында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министлигинен маалымдашты. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат. Объекттин баасы 188 миллион сомго бааланды. Жаңы мектеп заманбап үлгүдөгү эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залынан турат. Мындан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин кабинети

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө убактылуу суу өчүрүлөт

Көк-Жар суу алуучу жайында жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу 2025-жылдын 20-ноябрында саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Шаар башкармалыгынан билдиргендей, өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: 7-Апрель – Улан-2