
Баш калаанын борбордук көчөлөрүндө убактылуу газ өчүрүлөт
«Бишкекгаз» ишканасынын маалыматы боюнча, абоненттердин жаңы газ түтүгүнө кошулушуна байланыштуу Фрунзе көчөсүнүн Осмонкулдан Калык Акиевге чейинки бөлүгүндөгү абоненттерге газ берилбейт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Такталгандай, 21-июндан 9-июлга чейин газ болбойт. Ар бир этап аяктаганда гана , абоненттерге кезеги менен газ бериле баштайт. «Бишкекгаз» жарандарды убактылуу өчүрүүлөргө түшүнүү менен мамиле