Latest

«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору боюнча 54.2 млрд сомго кредиттер берилди

Экономика

«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору боюнча 54.2 млрд сомго кредиттер берилди

2023–жылдын 25–майына карата «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорлору боюнча 126 430 чарбалык субъектилерге 54.27 млрд сом суммасында кредит берилген. Ыкчам маалыматты Финансы министрлиги жарыялады. Берилген кредиттердин ичинде: · «мал чарбачылык» тармагы боюнча 34.96 млрд сом суммасында 100 303 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 64% түзөт; · «өсүмдүк өстүрүүчүлүк»

Күзгө чейин Өзгөндө 4 мектеп ишке киргизилет

Коом

Күзгө чейин Өзгөндө 4 мектеп ишке киргизилет

Өзгөн районунда 4 мектептин курулуш иштери улантууда. Алар 2023-2024-жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Такталгандай, курулушу жүрүп жаткан Токтогул айылындагы Шопоков, Алга айылындагы К.Ботобеков, Үч-Капчал айылындагы Оморкулов, Салам-Алик айылынын Примкулов атындагы мектептердин курулушу бүткөрүлөт. Президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов иштердин сапатына

Садыр Жапаров малга салык киргизүүнү колдогон жок

Экономика

Садыр Жапаров малга салык киргизүүнү колдогон жок

Президент Садыр Жапаров малга салык киргизүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, президенттин 2022-жылдын апрель айындагы жарлыгы менен Кыргызстандын фермерлерине жана дыйкандарына жеңилдиктер берилген. Ошол эле учурда айыл чарбасы үчүн пайдаланылган жерлер үч жылга салыктан бошотулган. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин жер салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси кайрадан

Ысык-Ата районунда Түштүк Кореянын жардамы менен курулган күнөскана жергиликтүү тургундарды жашылча менен камсыздоодо

Бизнес

Ысык-Ата районунда Түштүк Кореянын жардамы менен курулган күнөскана жергиликтүү тургундарды жашылча менен камсыздоодо

Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагында жашылчаларды өстүрүүнүн инновациялык технологиясы менен иш алып барган In Water Solutions Agro ЖЧКнын күнөсканасында жашылча жана кулпунай өстүрүлөт. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын өкүлдөрү менен биргеликте жаңы технологияларды колдонуу менен курулган күнөскана 5.3 га аянт жерди ээлейт. Учурда

Бишкектин мэриясы «Аламүдүндүн» айланасын ирээтке келтирүү схемасын көрсөттү

Коом

Бишкектин мэриясы «Аламүдүндүн» айланасын ирээтке келтирүү схемасын көрсөттү

Бишкек шаарынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан Аламүдүн базарынын айланасында автоунаалардын кыймылын тартипке келтирүү схемасы иштелип чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Такталгандай, «Аламүдүн» базарынын жанындагы (түштүк тарап) Жибек-Жолу проспектисиндеги аялдама комплексти Буденный көчөсүнөн чыгыш тарапка Жибек-Жолу боюнча автотранспорт каражаттарын токтотууга   тыюу салган жол белгилерин кайра куруу

Ишкерлерди колдоо алкагында 3.5 млрд сомго кредиттер берилди

Бизнес

Ишкерлерди колдоо алкагында 3.5 млрд сомго кредиттер берилди

Кыргызстандын «жеке жана каржы секторун өзгөчө колдоо» долбоору ишке ашырыла баштагандан бери КР Финансы министрлиги ишкерлерге 3 млрд 460 млн сом пайызсыз насыя берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, 2022-жылдын февраль айынын башынан бери 6 миң 151 ишкерге материалдык жардам көрсөтүлгөн. Долбоор 2027-жылга чейин созулат. Микро,

Сүт секторунун 774 фермер жеңилдетилген насыя алды

Экономика

Сүт секторунун 774 фермер жеңилдетилген насыя алды

Кыргызстанда 774 жеңилдетилген насыя алды. Кредиттер «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады. Такталгандай, толук суммасы $1.16 млн каржыланды. Ошондой эле, Дүйнөлүк банктын миссиясынын алкагында Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарына долбоордун аткарылышы боюнча иш-чара уюштурулду. Сапардын жүрүшүндө ар бир региондо сүт өндүрүүчүлөрдүн карыз

Баш калаадагы №18 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушу быйыл аяктайт – Мамкурулуш

Коом

Баш калаадагы №18 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушу быйыл аяктайт – Мамкурулуш

Бишкек шаарындагы №18 мектебинин 225 окуучулук орунга эсептелген жаңы окуу корпусунун курулушу 2023-жылы бүткөрүлөт. Бул тууралуу Мамкурулуш кабарлады. Маалыматка ылайк, азыркы учурда төмөнкүлөр аткарылды: чатыры - 100%, жылытуу системасы - 100%, сырткы жасалгасы – 100%, ички жасалгасы - 100%, ички инженердик тармактары - 95%, полу-100%. Бүгүнкү күндө тышкы жылуулук тармактарын орнотуу

Айыл чарба министрлиги жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча отчет берди

Экономика

Айыл чарба министрлиги жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча отчет берди

Айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров маалымат жыйынында жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча отчет берди. Анын айтымында, быйылкы жылдын алгачкы айдоо иштери Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абаддын Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда башталды. Ошондой эле, республика боюнча жалпысынан 633.

Бакыт Төрөбаев «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү пунктуна барды

Бакыт Төрөбаев «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү пунктуна барды

КРнын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай) болгон иш сапарынын алкагында, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү пунктуна барды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы кабарлады. Төрөбаев учурда бир катар кыйынчылыктар бар экенин айытп, аларды тез арада чечүү керектигин белгиледи. «Кыргыз тарап бул өткөрүү пунктунун

Ошто заманбап клиника курулууда

Коом

Ошто заманбап клиника курулууда

Ош шаарында 7 кабаттуу, заманбап клиника курулууда. Шаардын мэри Бакытбек Жетигенов курулуш иштери менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, клиника бардык керектүү жабдыктар менен жабдылат. Анда эл аралык үлгүлөрүнө жооп берген медициналык кызматкерлер иш алып барат. 174 орундуу имараттын жалпы курулуш аянты 20 миң чарчы метрди түзөт. Медициналык мекеменин курулушу

Кыргызстан үрөн менен 100%га камсыздалды – Айыл чарба министрлиги

Кыргызстан үрөн менен 100%га камсыздалды – Айыл чарба министрлиги

Кыргызстанда үрөн менен камсыздоо дээрлик 100% түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылы айыл чарба жерлеринин жалпы аянты 1 миллион 232 миң гектарды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 4 миң гектарга көп. «Быйыл үрөн сатып алынган жок. Аны Россиядан алынып келинген