Садыр Жапаров малга салык киргизүүнү колдогон жок

Садыр Жапаров малга салык киргизүүнү колдогон жок

Президент Садыр Жапаров малга салык киргизүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, президенттин 2022-жылдын апрель айындагы жарлыгы менен Кыргызстандын фермерлерине жана дыйкандарына жеңилдиктер берилген. Ошол эле учурда айыл чарбасы үчүн пайдаланылган жерлер үч жылга салыктан бошотулган.

Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин жер салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси кайрадан каралат. Андыктан Садыр Жапаров дыйкандарга жакшы шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле депутаттар да малга салык киргизүү демилгесин колдобой жатканы айтылууда.

Эске салсак, буга чейин демилгени «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев көтөрүп чыккан. Ал бир кой-эчкиге 100 сомдон (40 жана андан ашык баш болсо), жылкыларга 250 сомдон алууну сунуш кылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”