Айыл чарба министрлиги жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча отчет берди

Айыл чарба министрлиги жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча отчет берди

Айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров маалымат жыйынында жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча отчет берди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын алгачкы айдоо иштери Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абаддын Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда башталды.

Ошондой эле, республика боюнча жалпысынан 633.8 миң гектар жер айдалды, бул былтыркыга салыштырмалуу 1.9 миң гектарга көп.

«Республикада дан эгиндери 318.6 миң гектарга эгилди – бул былтыркыдан 4.9 миң гектарга көп. Буудай айдоо 103.4 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1.9 миң гектарга көп айдалды. 215.2 миң гектар аянтка арпа себилди, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 миң гектарга көп», - деди Нурдин Алишеров.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Азымбакиев Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директоруна ишеним грамоталарын тапшырды

Бишкекте 16 жер тилкеси кайрадан аукционго коюлду

Ак-Тилек конушунда 80 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Былтыр өлкөгө 1 млрд 310 млн доллар чет өлкөлүк инвестиция тартылган

Бишкекте май өндүрүү тармагындагы маселелер талкууланды