акыркы жаңылыктар

Кытайдан Кыргызстанга алынып кирген техникалардын баасынан бурмалоолор аныкталды

Саясат

Кытайдан Кыргызстанга алынып кирген техникалардын баасынан бурмалоолор аныкталды

Кытайдан Кыргызстанга автоунааларды алып кирүүдө массалык бурмалоо фактылары аныкталганын Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери мониторинг жана маалыматтарды талдоо учурунда автоунаалардын чыгарылган жылын өзгөртүү жана так эмес маалыматтарды камтыган документтерди берүү боюнча системалуу учурларды аныкташкан. Мунун кесепетинен бажы төлөмдөрү толук төлөнбөй

Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Экономика

Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Ноокат районунда аба ырайына байланыштуу быйыл себүү иштери 10–15 күнгө эрте башталганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата райондо 200 гектардан ашык жер айдалып, анын ичинен 120 гектарына буудай, 36 гектарына арпа себилди. Ошондой эле район аймагында 8 473

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

Экономика

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

Ысык-Көл облусундагы эң ири "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы быйыл декабрда ишке берилерин президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Президенттин айтымында, бардык сезонду камтый турган бул долбоор жаңы туризм тармагын түзүп, миңдеген жумуш орундарын камсыздайт. "Ошондой эле

Кыргызстан  2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Транспорт

Кыргызстан 2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык жыйында авиация тармагындагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, аэропорттор өз каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алышты. "Жакынкы убакта авиапаркты De Havilland Canada Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү бир учак

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Экономика

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Документке ылайык, шаардын бюджети 5 млрд 205 млн сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,8 млрд сомго көп экенин Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Коомдук угууга шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мэрдин биринчи орун басары

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Коом

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылы экономиканын реалдуу секторунда аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, 2025-жылы реалдуу сектор туруктуу өсүштү камсыз кылды. Айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетип, 2024-

Былтыр Кыргызстан 700 млн долларлык еврооблигация жайгаштырды

Экономика

Былтыр Кыргызстан 700 млн долларлык еврооблигация жайгаштырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча баяндама жасады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү мурдагы узак мөөнөттүү болжолдордон кыйла ашты. 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында жылдык орточо өсүш 5% деңгээлинде каралган болсо,

Манас шаарында жаңы административдик имарат курулууда

Коом

Манас шаарында жаңы административдик имарат курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуш объектилериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр Манас шаарындагы Ж. Абдурахманов көчөсү 6/2 дарегинде курулуп жаткан Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имаратын көрүп

Президент 2021-2025-жылдары экономиканын көлөмү 3 эсеге өскөнүн билдирди

Экономика

Президент 2021-2025-жылдары экономиканын көлөмү 3 эсеге өскөнүн билдирди

"2021-2025-жылдарды өлкөнүн экономикалык моделин терең трансформациялоого арнадык, - деди президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде. Президенттин айтымында, 5 жыл мурун пандемия учурунда өлкөдө мамлекеттик бюджеттин көйгөйлөрү, институттардын алсыздыгы жана инвестициялык активдүүлүктүн төмөндүгү байкалган. "Мен 2021-2025-жылдар Кыргызстандын жаңы тарыхындагы сапаттуу

Мамлекетке 959 объект, 3 300 гектар жер кайтарылды – С.Жапаров

Кыймылсыз мүлк

Мамлекетке 959 объект, 3 300 гектар жер кайтарылды – С.Жапаров

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынганын республикалык кеңешмеде өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди. Президент белгилегендей, коррупция өлкөнүн өнүгүүсүнө бир топ эле кедергисин тийгизип келген. "Ага каршы иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынды. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга 959 объект өткөрүлдү. Жергиликтүү органдардын балансына 3 миң 300 гектардан

Оштогу 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Коом

Оштогу 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарынын Төлөйкөн айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, билим уясынын жалпы наркы 134 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Учурда имараттын “А” блогу 95%га бүткөрүлүп, “Б” блогунда 70%дык

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 га жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Коом

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 га жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 гектар жайыт жер боюнча соттук териштирүү жыйынтыкталып, жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы