Коом
Аравандын пияз жана сарымсак талааларына мониторинг жүргүзүлдү
Бүгүн Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин Ош облусу боюнча башкармалыгы адистери Араван районундагы “Бирлик” үрөн чарбасынын талаасына иш сапары менен барышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Аталган чарба 2025-жылдын күзүндө жогорку маржиналдуу жашылча өсүмдүктөрү болгон — пияз жана сарымсактын түрлөрүн