Бирөөнүн электрондук капчыгынан 2 млн сом чыгарып кеткен жаран кармалды

Бирөөнүн электрондук капчыгынан 2 млн сом  чыгарып кеткен жаран кармалды

Чүй облусунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 5-февралында Ысык-Ата РИИБине 1981-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, ошол эле күнү ага WhatsApp тиркемеси аркылуу белгисиз адамдар чалып, төрт орундуу кодду айтып берүүнү суранышкан. Андан кийин анын банктардын бириндеги электрондук капчыгынан 1 999 006 сом акча каражаты мыйзамсыз түрдө чыгарылып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1984-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран аныкталган. Ал Telegram мессенжери аркылуу жарандардан банк карталарын сатып алып, аларды криптовалюта биржасында иш жүргүзүү үчүн колдонорун айткан.

Тергөөдө аныкталгандай, уурдалган акча кармалган жаран үчүнчү жактардан сатып алган банк картасына которулган. Ал карта башка адамдын атына катталып, акчаны нак акчага айландыруу жана андан ары которуу үчүн мыйзамсыз максатта пайдаланылган.

Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Т.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media